АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ КОЙГОН МАКСАТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

  • 28.08.2019
  • 0

Мектеп тамагы-мезгил талабы

Мугалимдердин Август кеңешмесин утурлай Ысык-Көлдө КРнын Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасы жана Кыргызстандагы Мерсико эл аралык уюму менен биргеликте “Мектеп тамак-ашын жакшыртуу” аттуу темада семинар өткөрүлдү. Атайын окуунун өтүшүнө кетчү чыгымдарды жогоруда аталган уюмдар көтөргөн.

Мерсиконун жана Мамлекеттик сатып алуу боюнча бөлүмдүн адистери мугалимдерге мектептердеги электрондук портал аркылуу тендер менен сатып алуунун механизмдерин көрүп чыгуу боюнча секциялык иштер өткөрүлүп, анда практикалык көрсөтмөлөр берилип, мугалимдер бир топ түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышты.

Семинарга катышканы келген мугалимдер, мектептин эсепчилери эртеси боло турган Август кеңешмесине да катышты. Бул Август кеңешмесинин быйылкы өткөрүлүшүндөгү өзгөчөлүктөрдүн бири деп айтаар элек. Муну мугалимдер биз менен болгон маектеринде нечен ирет баса белгилешти.

-Ысык тамактын берилиши боюнча кезегинде коомчулукта ар кандай пикирлер болду. Негизинен ысык тамак бүгүнкү күндө керек болмок  тургай зарыл деп айтаар элем. Баланын  саламаттыгы чың, курсагы  ток болбосо   кайдан сапаттуу билимди камсыз кылабыз. Бул эң туура иш.  Нарынды айтсам, биздеги 31 мектептин бешөөсүндө эле азырынча шарт болбогондугуна байланыштуу  токтоп турат. Калгандарында ысык тамак берүү калыпка түшүп калды, -дейт бизге Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Белеков.

-Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы А.Каракөзова тамак аш боюнча үч күндүк семинар бизге чоң окуу болду дейт.

-Биз ысык тамак боюнча кантип мониторинг кылганды, бай азыктарды кошуп менюну түзгөндү, кантип тендер аркылуу туура азыктарды сатып алууларды уюштуруу керек деген чоң суроолорго жооп алдык. Буга тийешелүү мыйзамдар менен тааныштык. Эсеп-кысап так жана туура болушу керек. Мен мектепте ушул иштерге да жооптуумун. Ошондуктан мага өтө пайдалуу болду деп айтаар элем, -дейт ал.

Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Керимбаева да ысык тамак боюнча семинардын жемиштүү болгонун баса белгилеп кетти. А.Керимбаев өз сөзүндө  тамак берүү багытынын уюштуруу ишиндеги айрым өксүктөрү менен да ой бөлүшө кетти.

АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ КОЙГОН МАКСАТТАР МЕКТЕПТЕРДЕ ИШКЕ АШЫРЫЛАТ

-Мектептеги тамак берүүнү тейлеген адистер менен жетекчилерди чогултуп окуудан өткөргөнү эң жакшы болду. Ага байланышкан мыйзамды да талкууладык. Бизде буга чейин сатып алууларды уюштуруудагы тендердик багытта кыйынчылыктарга туш болуп келгенбиз. Мында алыскы Бишкектен эмес, жакынкы өзүбүздүн жергиликтүү өндүрүшчү ишкерлер менен иш алып барууну колдоо багытында мыйзамдар болсо жакшы болмок. Бизге өзүбүздүн жергиликтүү ишканалар менен иштөө бир кыйла жеңил болот эле, -дейт А.Керимбаев.

Жайыл районунун жетектөөчү адиси М.Меслимова, Тогуз-Тородон келген эсепчи Д.Токтогонова өңдүү ысык тамакты уюштуруу боюнча жооптуу адистер семинардан эң негизги көйгөй болгон тендер багытында окуулардан өткөндүктөрүн айтып, уюштурган тарапка чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

Айтмакчы, мектеп окуучуларынын тамактануусу 2013-жылдан тартып КР Билим берүү жана илим министрлиги БУУ ДАТП, “Мерсико” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө мектептеги тамактанууну уюштурууну жаңы мамилесин апробациялоодо. Учурда мектеп ашканаларын заманбап жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле ашкана кызматкерлерин комплектациялоо жана окутуу, калкуляциялык карталарды жана кеңейтилген атайын менюну иштеп чыгуу мектептеги тамактануунун азыктык баалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк бере алды. Ошондой эле мектептеги тамактануунун үч модели, менюнун 23 варианты жана мектептеги тамактардын 134 технологиялык картасы киргизилген. Ысык тамакты киргизүү 2013-жылы 10 пайызды түзсө, ал быйыл 60 пайыздан ашты. Бул иш КРнын мыйзамы менен да бекиген. Ал “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” деп аталып, долбоору иштелип чыгып, ишке киргизилген. Мындан тышкары КР мектептеринде тамак берүүнү өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыккан.

Август кеңешмесинин алкагында мектептеги тамак берүүнү мындан ары да жакшыртуу боюнча уюштурулган иш-чарасы өз максатына жеткенин кеңешменин катышуучуларынын жооптору ырастап турду.

Мечитке эмес, мектепке көп барган депутат

Август кеңешмесинин талкуу (панелдик дискуссиясы) бөлүмүндө бир катар орчундуу пикирлер айтылды. КРнын ЖК депутаты А.Токторов өз сөзүндө экономиканы билим берүү системасы көтөрөрүн коомчулуктун эсине салды.

-Биз 28 жылдан бери экономиканы көтөрөбүз деп келе жатабыз. Ал көтөрүлдүбү?.. Адам капиталы болгон адам ресурсун өнүктүрмөйүн экономика кайдан өнүкмөк. Дүйнөлүк изилдөө көрсөткөндөй, баланын билим берүүсүнө салынган бир сом жети, сегиз жылда 14 эсе каражат болуп кайтарылып келет экен. Демек өнүгүү үчүн экономиканы эмес, мугалимди көтөрүш керек тура. Мен ошондуктан мечитке эмес, мектепке көп  барам. Аны жанымдагы жолдошторум, бирге иштешкендерим жакшы билишет, -деди депутат агынан жарыла.

И.Арабаев атындагы КМПУнун ректору Т.Абдракманов мугалимдердин айлыгын көтөрүү менен эле бардык маселелер чечилип калбасын эске салды.

-Мугалимдердин сапаттык курамын жогорулатууда ЖОЖдорду эле күнөөлөй берүү болбойт. Мунун баары комплекстүү чечилиши парз. Айлык маянаны 30 пайызга көтөрүү менен мугалимдердин статусу жогорулап кетпейт. Карап көрсөңүздөр, 30 жылдап эмгек өтөгөн мугалимдин мамлекеттик сыйлыктары жок, көңүл бурулган эмес, ал эми эки жыл тойдо фонограмма менен ырдаган артисттин сыйлыгы адамдын башын айланткыдай. Ал эки-үч жылдын ичинде эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Эл артисти деген бийик, кол жеткиз наамдарга ээ болуп калып жатпайбы. Бул багытта да биз ойлонушубуз керек. Мугалимдик кесиптин кадырын көтөрүүдө акимден тартып айыл өкмөтүнө чейин катуу ойлонушу керек,- деди ректор.

Андан ары ал өз сөзүндө мугалимдик кесиптин жетишсиздигин жамааттык мамиледе чечүүнү да ойлонууга мезгил жеткенин баса белгиледи.

-Айыл өкмөттөрү ЖОЖдор менен сүйлөшүп, мугалим болгусу келген мыкты балдарды тандап, атайын топтоп камкордукка алса болот да. Мектеп менен акимдер, Айыл өкмөттөрү бекем кызматташуусу оң. Алар мугалимдин да муктаждыгын чече билиши зарыл, -деди Т.Абракманов.

Билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен жогору болушу мүмкүн эмес

Кыргыз билим берүү академиясынын президентинин орун басары Уланбек Мамбетакунов да өс сөзүндө  билим берүүнүн мазмуну – коомдун талабына, мамлекеттин талабына ылайык түзүлөрүн, коом, мамлекет күткөн бүтүрүүчү кандай болуш керек, кандай компетенттүүлүктөр калыптаныш керектигин сунуш кыларын, ошол эле учурда, окуучунун дагы билим берүүгө болгон талабын , каалоосун дагы эске алуу өтө зарыл экендигине, Кыргыз билим берүү академиясында  мамлекеттик өнүгүү стратегияларында, концепцияларда камтылган талаптарды ишке ашыруунун үстүндө иш жүргүзүлөрүнө, ошондой эле, дүйнөлүк билим берүүдөгү тенденцияларга аналитикалык изилдөө жүргүзүп жатышканына кыскача токтоду.

-Чет өлкөлүк эксперттер 25 өлкөнүн билим берүү системаларын изилдеп мындай тыянакка келишкен: Билим берүүнүн сапаты мугалимдин сапатынан, билим деӊгээлинен жогору болушу мүмкүн эмес. Бүгүнкү мугалим бул өзүнүн предметин гана мыкты билбестен, заманга жараша МКТ мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп окуучуларга жеткиликтүү билим берүүгө умтулган инсан болушу керек. Ошондуктан, мисалы, мектептердин баары Интернетке туташса деле мугалим анын мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албаса, анда кылган аракетибиз эч нерсеге жарабай калат. Ошондуктан, санариптештирүү жылында мугалимдин МКТ-компетенттүүлүгүн жогорку деӊгээлге көтөрүшүбүз зарыл, -деди белгилүү жаш окумуштуу У.Мамбетакунов. Дээрлик талкууга чыгып сүйлөгөн билим берүүнүн адистери мектептеги билимдин сапатына көп көңүл бурушуп, анын көйгөйлөрүн чечүүдө өздөрүнүн иштиктүү жолдорун сунуш кылышты.

Билимдин сапаты бийиктеген мектептер

Август кеңешмесинин катышуучулары менен кеңири ой-бөлүшүп, мектептеги окутуу, тарбиялоо ишин жакындан билгиси келген журналисттер аларга түрдүү суроолорду берип, мектептердин азыркы абалына кызыгып жатышты. Биз да өз кезегинде бир топ билим тармагынын кызматкерлерин кепке тартканыбызда, учурдагы мектептердин жаңы картинасын, заманбап жүзүн көргөндөй болдук. Чындыгында эле алардын сөзүнө караганда дээрлик мектептердин көпчүлүгү жаңыча талаптардын багытында иш алып барып жаткандары бизди кубандырды. Мисалы Жалал-Абад облусунун билим берүү усулдук борборунун директору Акылбек Токтосунов облуста 464 мектеп болсо, анын 381 интернетке туташканын, сентябрь айында министрлик бул көрсөткүчтү жүз пайызга жеткирип берерин убада кылганын кубануу менен белгилеп өттү.

-Областтын мектептери 95 пайызга компьютер менен камсыз болушкан. Сапаттуу билим алыш үчүн сапаттуу жана коопсуз шарттар түзүлүшү шарт. Ушул максатта өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте жыл башынан эле чоң иш-чараларды белгилеп, ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Мугалимдер окутуу ишинде интернетти кеңири колдонууга өтүшкөн. Бизде былтыр облус боюнча заманбап мектеп долбооруна 9 мектепти берсек, быйыл алты мектепти сунуш кылганбыз. Бул заманбап мектептерде мугалим билим сапатын, окуучу билим алууну гана ойлогон шарт түзүлгөн. Ал эми облустагы Август кеңешмеси бизде салт болуп калгандай  айдын 27де өткөрүлөт. Мында алдыңкы мектептерге, мыкты мугалимдерге  КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосунда 15-20 миң сом акчалай сыйлыктар ыйгарылат, -дейт А.Токтосунов.

Аталган облуста быйылкы көрсөткүч өтө кубанычтуу. Анткени ЖРТнын жыйынтыгы боюнча алты бүтүрүүчү Алтын сертификатка ээ болгон. Алардын бири Элдияр Чормонов 238 бал топтоп, сертификат алган 50 баланын алдыңкысы болуп олтурат.

Ноокат районундагы мектептердеги жаңылануулар да өзгөчө белгилеп кетүүгө арзыйт. Бул райондогу мектептердин дээрлик бардыгында видео көзөмөл орнотулган. Жада калса директордун жана методикалык кабинеттен класста кандай сабак өтүлүп жатканын, канча бала катышып олтурганын, мугалим кандай сабак өтүп жатканын байкоого болот. Мектептеги мындай чар тараптуу байкоо салуусу балдардын бейбаштык кылуусун азайткан. Бул туурасында бизге аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А.Асанбаев кубануу менен айтып олтурду.

-Райондун мектептеринде биринчилерден болуп биз “Электрондук журнал” долбоорун ишке киргиздик. Мында бала эртең менен сабакка киргенден баштап  анын мектептеги ишмердиги ата-энесине  толук жетип турат. Эки тараптуу мындай көзөмөл окуучунун туруктуу билим алуусун камсыз кыла алат. Мындан тышкары “Электрондук китепкана” долбоору да толук ишке ашты. Азыр бизде окуу китебинин, методикалардын жетишсиздиги жокко эсе болуп калды. Мугалим да, окуучу да биз таап берген сайттар боюнча оңой эле окуулуктарды таап, өз алдынча даярдаганга көнүп калышты. Натыйжада, окуучуларыбыз эки жыл мурун ЖРТдан босого балга араң жетип жүрсөк, быйыл Алтын сертификат алганга жетишип баштадык, -дейт А.Асанбаев кубанып.

Бул райондун дээрлик баардык мектептери заманбап технологиялар менен жетиштүү камтылыптыр.

-Азыр бизде интерактивдүү доска менен иштөө, Интернет булактарынан пайдалануу жаңылык деле болбой калды. Себеби, мугалимдерди атайын окуудан өткөрдүк. Алар азыр практикалык иште заманбап технологиянын тилин билишет, -дейт ал.

Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Акматалиев да өзү жетектеген райондогу мектептерде заманбап билимдин багыттарында иш алып барып жатканын кабарлады.

-Биздеги 51 мектептин экөөсүндө эле Интернет жок. Ал да чукул арада туташтырылат. Мектеп  менен ата-эне электрондук багытта байланышта болуп турат. Ата-энелери сыртта  болсо да Ватсап аркылуу байланыш түзүлүп, ар чейрек сайын кенешип турабыз. Ата-энелери чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарга өзгөчө көңүл бурууга ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүп калганына кубанып олтурабыз. Аларга аяр мамиле керек.

Мектеп бардык тарабынан видео көзөмөлдө болгондуктан, былтыркы окуу жылында бир дагы бейбаштык катталган жок. Адам катышкан иште адам фактору болуп кетиши толук мүмкүн эмеспи. Билимди баалоо эскиче эмес, компьютердик тест түрүндө жүргүзүлүүдө. Эгерде окуучу предметтен тийиштүү бал ала албаса, кайра-кайра тапшыра берет. Натыйжада, быйыл ЖРТ дагы көрсөткүчүбүз 34 пайыздан 50 пайызга көтөрүлүп, балдардын билим сапаты жакшырды. Быйыл Аравандан 99 бүтүрүүчүбүз Россиянын Мичурин атындагы агрардык университетине экзамен тапшырып, өтүп кетишти. Алар окуусун бүткөн соң, агрардык өлкө болгон Кыргызстаныбызга келип иштешет деген ишеним чоң, -дейт М.Акматалиев биз менен болгон маегинде.

А.Акматалиев андан ары өз сөзүндө эксперименталдык аянтча түзүүнү пландап жатканын, ай сайын мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүү багытында усулдук иш-чаралар өтүлүп турарын айтып өттү.

-Биз жаш мугалимдерди окутуп жатабыз. Алар союз убагында бүткөн мугалимдердей кесипти тез өздөштүрүп кете албай жатышат. Өзүбүздүн окутуу чеберчилигибизди өзүбүз көтөргөнгө жардам бербесек, билим сапаты төмөндөп кетиши турулуу иш, -дейт иштин көзүн алыстан билген белдүү устат, жетекчи М.Акматалиев.

Ат-Башы районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дөөткулов да азыркы билим системасында жаңы стандарттарга өтүп, дүйнөлүк багытка өтүп жатканда жаңыланууларды окуу поцессине киргизип, аны тез арада өздөштүрө албасак артта каларыбызды баса белгиледи.

-Учурда мугалим да, жетекчи да, окуучу да Интернет деген дүйнөлүк желенин үстүндө отуруп, жаңы инновациялар менен иштебесе бул тармакта реформа жүрбөйт. Ошондуктан мектептерде  баарыбыз жапырт жаны багытка өтүп жатканыбыз мени сүйүнтөт, -дейт Д.Дөөткулов.

Эмне демекчибиз, илгерки Дүйшөндүн мектебинен азыркы учурдун ортосундагы бир кылымды эске салсак акыл-эсибизге нелер гана келбейт. Заманга жараша мектеп, адамга карата коом дегендей, мугалимдердин сөздөрүн угуп олтуруп учурдагы Интернет желесине илинген заманбап мектептин жаңы картинасы көз алдыбызга ачык тартылгандай болду. Демек, бул тармакка канча сын айтканыбыз менен келечектин жаңы мектептери алдыга кетип бара жатканына кубанып кайттык.

Майрамбек Токторов,

“Кут билим”

 Бишкек-Ысык-Көл

Бөлүшүү

Комментарийлер