АТЫ ДАЛАЙ ӨЗГӨРТҮЛГӨН, ЗАТЫ КЫМБАТ “БЕТМЕ-БЕТ” ГЕЗИТИНЕ 90 ЖЫЛ

  • 21.12.2023
  • 0

АТЫ ДАЛАЙ ӨЗГӨРТҮЛГӨН, ЗАТЫ КЫМБАТ “БЕТМЕ-БЕТ” ГЕЗИТИНЕ 90 ЖЫЛ

Келээрки 2024-жылы Кыргыз милициясы өзүнүн түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алдында турса, бүгүнкү күнү Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматынын «Бетме-Бет» гезити өзүнүн 90 жылдык мааракесин белгилеп олтурат.

1933-жылдын март айындагы Кыргыз АССРнин ГПУнын №384 буйругунун негизинде, «Пост революции» деген ат менен көп тираждуу гезит негизделген. Кийинчерээк “Пост революции” гезити “Дзержинчи” болуп аты өзгөрүлүп, жарыкка чыгуусун уланткан. Гезит 1933-жылдан баштап 1939-жылга чейин Коомдук тартипти сактоо министрлигинин саясий бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чыгарылып келген болсо, 1939-жылы Садыков Кожокмат гезиттин редактору болуп дайындалып, 1944-жылга чейин чыгармачыл жамаатты жетектеген.

1941-жылы «Дзержинчи» гезити «Революция постусу» болуп өзгөрүлөт. 1944-1958-жылдары милициянын майору Попова Софья аталган гезиттин редактору болсо, 1958-1962-жылдары милициянын капитаны Кандиев Медет редакторлук милдетти аркалаган. 1960-жылы гезит «Милиция кызматкери» болуп өзгөрүлгөн, бирок 1962-жылы кайрадан«Дзержинчи» деген ат менен чыга баштайт. 1962-1970-жылдары милициянын майору Сооронбаев Абдыкадыр гезиттин редактору болсо, 1991-1997-жылдары аталган гезит милициянын полковниги Зеличенко Леониддин редакторлугу алдында “Бетме-Бет” (Лицом к лицу) деген ат менен кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыга баштаган.

1997-1999-жылдары милициянын майору Аркабаев Номанжан, 1999-2002-жылдары милициянын майору Полотов Үсөн, 2002-2012-жылдары милициянын полковниги Сеитов Бакыт, 2012- 2017-жылдары милициянын полковниги Жамангулов Нарынбек башкы редакторлук милдетти аркалап келишсе, 2017-жылдан баштап гезиттин чыгармачыл жамаатын милициянын полковниги Калыбаев Нармырза Нарбекович жетектеп келет.

“Бетме-Бет” гезити аты айтып тургандай эле, милиция кызматкерлеринин ишин, күнүмдүк турмушун, милиция кызматкерлери менен кылмышкердин ортосундагы айыгышкан кармаштарды сүрөттөп, баяндап өзүнчө тарых кылып калтыра алды. Гезит башка маалымат каражаттарынан айырмаланып учурдун жаңылыктарын терең изилдеп, бейтарап чагылдырып, өзүнүн каармандарынын диалогун жандуу берүү артыкчылыгын көрсөтүү менен, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн, жүргүзгөн саясатын сүрөөнгө алып, коомчулукка жеткире алды.

“Бетме-Бет” гезити Ички иштер министрлигинин ишмердигиндеги чечимдерди, талаптарды, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ыкмаларды байма-бай жарыялап, кызматкерлердин адистик чеберчилигин жогорулатууга, ошол эле учурда жаш кызматкерлерди тарбиялоодо да салмактуу салымын кошуп келе жатканына мезгил күбө.

Бир кылымга тете убакыттын ичинде “Бетме-Бет” гезити доорлордун оош-кыйыштарын баштан кечирип, мезгил сыноолорун татыктуу жеңип, маалымат айдыңында өз ордун таап, кесипкөй журналистиканын өзүнчө мектебине айланды. Ар бир редакциянын өзүнүн саясаты, өзүнүн позициясы болот эмеспи, анын сыңары “Бетме-Бет” гезити да 90 жыл бүтүндөй Кыргыз милициясынын көз карашын чагылдырып, кеңири баяндап, ар бир доордогу Кыргыз милициясынын сүрөтүн таасын тартып, жолун улап келет.

Мындан сырткары «Бетме-Бет» редакциясында «Кыргыз милициясы» журналы да 2014-жылдан баштап 64 бет менен жарык көрүп, окурмандардын купулуна толуп келет.

Акыркы жылдар аралыгында “Бетме-Бет” гезитинин кызматкерлеринин катышуусу менен жыйырмага жакын китептер, энциклопедиялар чыгарылды.

“Бетме-Бет” гезити жалаң гана Кыргыз милициясынын турмушун баяндабастан, адеп-ахлак, адамдык ариетти бекем тутуу, Ата Мекенди сүйүү, ар-намыс, спорт темаларына, улуттук нарк, каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоого багытталган макалаларга, милиция каармандары тууралуу көркөм чыгармаларга да орун берип келет.

 Байсалдуу жол басып, 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан ИИМдин “Бетме-Бет” гезитинин жамаатына Билим берүү жана илим министрлигинин. “Кут Билим” медиа борборунун атынан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Кабыл Макешов,
“Бетме-Бет” гезитинин мурдакы кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер