АТБ — лидерлик сапатты өнүктүрүп, турмуш жолуна багыттайт
- 01.11.2024
- 0
Бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорун ишке ашырууну жыйынтыктоочу конференциясы өттү.
Долбоордун негизги максаты – өлкөдөгү кесиптик билим берүүнү колдоо, аймактардагы колледждердин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүү аркылуу кесиптик билим алуу үчүн шарттарды жаратуу, ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларын колдоо.
Долбоордун жыйынтыктоочу иш-чарасына Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Кыргызстандагы АӨБдүн туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Дженг Ву, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринин директорлору, эл аралык уюмдун өкүлдөрү, эксперттер катышты.
Кыргызстандагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Дженг Вунун айтымында, долбоордун алкагында 35 кесиптик окуу жайы жаңыртылды. Программаны аяктоонун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, пилоттук окуу жайлардагы окутуунун сапаты 25 пайызга чейин жогорулап, бүтүрүүчүлөрдүн 70 пайызы кесипти туура тандаганын айтышкан. Азия өнүктүрүү банкы мындан ары да Кыргызстандын билим берүү секторун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр.
Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору 2024-жылдын 31-декабрында жыйынтыкталат.
2018-2022-жылдары долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин колледждеринде 8 Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлдү. Бул борборлор инновациялык окутуу программаларын пайдаланууда, жаңыча окутуу технологияларын жайылтууда жана кесиптик билим берүү уюмдарына колдоо көрсөтүүдө. Алар студенттерди бир гана мыкты билим бербестен, аларды тарбиялап, лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, турмуш жолуна багыттайт.
Мындан тышкары, пилоттук окуу жайларга 144,5 млн.сомго 2514 даана кеңсе жабдуусу, 87 млн.сомдон ашык суммага 6569 даана эмерек жана 273 млн.сомго 1789 бирдик окуу жана өндүрүш жабдуулары сатылып алынган.
Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын педагогдору үчүн тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, жалпы жети миңге жакын мугалим окуудан өттү.
АТБларда бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу жана алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү багытында Карьера борборлору түзүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн 77% кесиби боюнча ишке орношкон.
Кыргызстанда биринчи жолу АТБнын базасында 104 талапкер үчүн 8 жумушчу кесип боюнча көндүмдөрдү валидациялоо жараяны өткөрүлдү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары, аймактагы ири ишканалар менен натыйжалуу өнөктөштүк түзүлүп, 309 меморандумга жана 600дөн ашык келишимге кол коюлду.
.
Комментарийлер