«АТАМ ЖАНА МЕН» КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

  • 10.12.2024
  • 0

№32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде  2-а классынын окуучулары жана аталары менен биргеликте “АТАМ жана МЕН» аталышындагы китеп окуу сынагы өткөрүлдү.

"АТАМ ЖАНА МЕН" КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

Маалыматка ылайык, сынак китеп окуудан сырткары катышкан аталарга  ар тараптуу суроолор, оюндар, логикалык тапшырмалар менен коштолду.

"АТАМ ЖАНА МЕН" КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

— Сынактын негизги максаты — үй-бүлөлүк биримдикти бекемдөө; окурмандык маданиятты өнүктүрүү; балдарды китеп окууга кызыктыруу жана балдардын ой чабытын өстүрүү, сүйлөө речин кеңейтүү. Аталардын сынагына жалпысынан сегиз ата катышып, жарыш кызуу жүрдү.  Жыйынтыгында биринчиликти Нурланбек Асман жана анын  атасы Ажыкулов Нурланбек жеңишке жетишти, — дейт 2-а класстын класс жетекчиси Турус кызы Жазгүл.

"АТАМ ЖАНА МЕН" КИТЕП ОКУУ СЫНАГЫ

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер