«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 25.10.2024
  • 0

2024-жылдын 25-октябрында Бишкек шаарында «Ата Менен» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы өттү. Бул долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Канада өкмөтү жана Ага Хан Фондунун колдоосу менен «Жарандык коом аркылуу гендердик теңдикти илгерилетүү» (AGECS) регионалдык программасынын алкагында ишке ашырылган. Жыйынга мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, өнөктөштөр жана долбоордун катышуучулары чогулду.

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Фонддун кызматкери Салтанат Адылбек кызынын маалыматы боюнча, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп өттү: «»Ата Менен» долбоору фонддун балдарды эрте курактан өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык аракеттерин улантты. Эркектерди тарбиялоого тартуунун жана ар бир ата-эне үчүн тең укуктуу шарттарды түзүүнүн маанилүү экенин көрүп жатабыз. Кыргызстандагы бардык балдардын бакубат келечеги үчүн бул багытта күч-аракеттерди улантуу жана өнүктүрүү керек».

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ага Хан Фондунун өкүлү Мухаммед Шах Хан дагы төмөндөгүдөй белгилеп өттү: «Бул долбоор ар кандай маданияттарды, ландшафттарды жана социалдык структураларды камтыйт. Бирок биздин ишибиздин негизинде дагы эле жергиликтүү коомдордо терең таасир эткен теңдикти илгерилетүүгө умтулуу турат. Кыргызстан бул жагынан айырмаланбайт».

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун долбоор координатору Азамат Алагоз уулу жана КАДК уюмунан координатор Рахат Маматокторов долбоордун жетишкендиктерине токтолушту. Презентацияда долбоордун жыйынтыгы жана катышуучулардын ийгиликтүү окуялары тууралуу да маалымат берилди.

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Панелдик талкууда катышуучулар гендердик теңдикти илгерилетүү жана аталардын балдарды тарбиялоодогу катышуусу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. Катышуучулардын катарында  «Балдардын укуктарын коргоо лигасы» уюмунун директору Назгүл Турдубекова, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун билим берүү программаларынын координатору Асель Джакыпбекова, эксперт Асылбек Жоодонбеков жана Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакуновдор ой-пикирлерин ортого салышты.

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмуз айылынан келген, «Ата Менен» долбоорунун катышуучусу Байыш Абдыбеков учурда чөйрөдөгү мырзаларга да долбоор таасирин тийгизип жатканын белгиледи: «»Ата Менен» долбоорунун жардамы менен мен аялыма активдүү жардам берип жатам жана жигиттеримди да аялдарына жардам берүүгө мажбурлайм. Бул биздин үй-бүлөлөрдү бекемдөөгө гана эмес, бизди аталар жана күйөө катары жакшыраак болууга да жардам берет».

«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ«АТА МЕНЕН» ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана КАДК уюму тарабынан  2022-жылдын апрелинен 2024-жылдын апрелине чейин Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Канада өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

— Долбоордун алкагында жергиликтүү коомчулуктар арасында аталардын тарбиялоого катышуусунун оң тажрыйбасын жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Пилоттук райондордо жергиликтүү демилгелер 1 миллион 200 миң сомдон ашык каражат менен колдоого алынды. Натыйжада, эки ресурстук борбор, бир билим берүү борбору жана бир балдар аянтчасы ачылды. 2000ден ашык ата-эне жана пилоттук райондордун тургундары балдардын тамактануу, өспүрүм кыздар жана репродуктивдик курактагы аялдар тууралуу маалымат, атанын балдарга кам көрүүсүнүн ролу, 0-6-7 жашка чейинки балдардын өнүгүүсү боюнча билим алышты, — дейт фонддун  аткаруучу директору Р.Кайыкова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер