АТА-ЭНЕЛЕРДИН КОДЕКСИ
- 30.08.2023
- 0
- Биз балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн мектеп менен ар дайым кызматташабыз.
- Биз балдарыбызды ата-бабалардын наркын урматтоого, эне тилин билүүгө, ак ниеттүүлүккө жана жоопкерчиликке өзүбүз үлгү болуп үйрөтөбүз.
- Биз мектептин иш-чараларына жигердүү катышып, эриш-аркак иштешебиз.
- Биз балдарыбыздын, мугалимдердин купуялуулугун урматтайбыз жана алардын кадыр-баркына шек келтирбейбиз.
- Биз ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын укуктарын, кызыкчылыктарын сыйлайбыз.
- Биз балдарыбыздын туура тамактануусуна, ден соолугуна, тазалыгына жана коопсуздугуна кам көрөбүз.
- Биз мектеп менен биргеликте балдарыбыздын экологиялык сабаттуулугун жана башка керектүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салымыбызды кошобуз.
- Биз мектеп тарабынан белгиленген эрежелерди, жол-жоболорду урматтайбыз жана так сактайбыз.
- Биз балдарыбыздын билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга жана билим сапатын жогорулатууга жигердүү катышабыз.
- Биз балдарыбыздын мектепке үзгүлтүксүз баруусуна, үй тапшырмасын өз убагында аткаруусуна бардык шарттарды түзөбүз.
- Биз мектептеги бардык терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө чогуу аракеттенебиз.
- Биз балдарыбыз окуган мектептин кадыр-баркын сактоо үчүн бардык салымыбызды кошобуз.
Бөлүшүү
Комментарийлер