“АТА-ЭНЕ-МУГАЛИМ-ОКУУЧУ” ҮЧИЛТИК ӨНӨКТӨШТҮГҮ
- 04.12.2024
- 0
«Креатив—Таалим» Билим берүү комплексинде “Ата—эне – мугалим — окуучу” үчилтик өнөктөштүгү жолго мыкты коюлган. Бул багытта окуу жылынын 2-чейрегинде комплексте балдардын жаш курактарына жараша бөлүп даярдалган ата—энелер чогулуштарынын сериялары өткөрүлүп жатат.
Маалыматка таянсак, бул жолу жогорку класстардын ата-энелерине “Кесипти туура тандоо — келечектин өзөгү” темасында өтүлсө, 2-класстарга “Ата-энелик сүйүү деген эмне?” темасында уюштурулду. Ал эми 6-7- жана 8-класстардын ата-энелерине балдардын өткөөл курагы эске алынып, “Келгиле балдарыбыз менен баарлашалы” темасы каралган.
— 1-класстардын окуучуларына “Адаптациялык мезгилдин ийгиликтүү өнүгүшүнө жардамдашалы” темасында ата-энелер чогулушу өткөрүлдү. Ал эми 3-4-жана 5-класстардын окуучуларынын ата-энелерине балдардын бул курагында кандай өзгөрүүлөр болору тууралуу “Баланын мүнөзү жана темпераменти” темасында пайдалуу маалыматтар берилди. Мындай форматта өткөрүлгөн ата-энелер чогулуштарынын пайдасы эмнеде? Эң алгач, ата-энелердин балдарынын жаш курактарындагы өзгөрүүлөрү тууралуу маалыматтуулугу артат. Экинчиден, “Ата-эне – мугалим — окуучу” үчилтигиндеги кызматташууну ачык байланыш аркылуу күчөтүү каралат. Балдардын жүрүм-турумдарындагы же окууларындагы көйгөйлөрдү эрте аныктоо, аларды чечүү жолдорун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул чогулуштарда ата-энелер балдардын тарбия процессине көбүрөөк тартылып, аларга карата өз жоопкерчилигин сезе башташат, — деп жазылган маалыматта.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер