АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 03.06.2024
  • 0

Ат-Башы айылында эки жеке менчик балдар бакчасы ачылып, өз ишмердүүлүгүн баштады.

АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫАТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын берген маалыматына таянсак, бул үй тибиндеги бала бакчалар «Өкмөттүк акселератор» программасынын алкагында 10 жана 15 орундуу болуп ачылды.

АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫАТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

«Кенч билим» бала бакчасы эки жаштан баштап алса, «Наристе» бала бакчасы алты айлыктан баштап кабыл алат.

АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫАТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Ачылыш аземине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жылдыз Жантелиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев катышып, бала бакчанын ишине ийгилик каалашты.

АТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫАТ-БАШЫДА ЭКИ ЖЕКЕ МЕНЧИК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Ишке ашырылып жаткан  «өкмөттүк акселератор» программанын максаты жеке ишкерлерди тартуу менен үй тибиндеги жеке бала бакчаларды ачып,  балдар бакча тартыштыгын чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер