АСТАНА САПАРЫ: КӨРГӨНҮМ КӨЗДҮ КУБАНТТЫ

  • 09.10.2024
  • 0

Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мен Казакстандын борбор калаасында жайгашкан эки мектепке барып, бизге боордош элдин билим берүү системасы менен жакындан таанышып кайттым.

АСТАНА САПАРЫ: КӨРГӨНҮМ КӨЗДҮ КУБАНТТЫ

QUANTUM менчик мектебинде

QUANTUM tech school — Астана шаарындагы заманбап QUANTUM мектептеринин бири. Мындайдан дагы экөө бар. Бул үчүнчүсү. Европа стилиндеги билим ордосунун алдынан мени директордун өнүгүү жана изилдөө иштери боюнча орун басары Максүт кызы Мөлдир  жылуу маанайда тосуп алып, ичкериге жол баштады.

— Биз жакында эле иштей баштадык. Андыктан сизден кечирим сурайбыз. Бир топ жабдыктарыбыз орнотула элек. Китепкана китептери дале иреттелип, тизмектелип жатат, — деди ал.

Бирок ичкериде башкача бир жылуу атмосфера өкүм сүрүп, жаңыдан көчүп келгендеги башаламандыктын изи да жок. Жогору көздөй кеткен жыгач тепкичтерди мен амфитеатрга окшоттум.  Кенен тепкичтерде беймарал отуруп эс алса болчудай экен. Кийинчерээк дал ушул тушта, 33 жаштагы мектеп директору Динара Сагадатова менен маектештим. Баса, үч мектепти жетектеген башкы директор Динарадан да жашыраак көрүндү. Ушундан улам, QUANTUM билим берүү мекемелеринде жетекчилик иштерде жаштарга көбүрөөк ишеним артылат тура деген ойдо калдым. Жаңылбапмын. Динара Сагадатова менен эми эле кызуу сөзгө кирерде, эшиктен узун бойлуу, чымыр денелүү жигит кирип келди. Көрсө, бул жаш жигит жанагы үч QUANTUM  мектептеринин башкы директору Алмас Ордабаев экен.

— Бизге Кыргызстандан конок келди. Мугалимдер гезитинде иштейт экен, — деди  жаңы эле ичкериге кирген башкы директорго америкалыктардай кол булгалап Динара.

Эми жаш деген жаш да!  Мен антип-минтип ордумдан тургуча,  башкы директор бет алдымда турду шадылуу колун сунуп:

— Саламатсызбы!  Абдан кубанычтамын! Кыргызстанда үлкөн агартуучулар бар деп угам. Бирге иштешсек деген тилегимди айта барыңыз!

— Мен да сиздерге ушундай тилек менен келдим, — дедим Quantum Management Company мекемесинин башкы директору Алмас Ордабаевге сылыктыгы жана жөнөкөйлүгү үчүн ичимден ыраазы болуп.

Кыргызда «Эшигин көрүп төрүнө өт» дейт эмеспи, андыктан заманбап мектептен алган  алгачкы таасирлеримди баяндоону улантайын. «Чү» дегенде эле кенен фойенин үстү жагынан кадимки боз үйдүн түндүгүн көрүп жүрөгүм жылыды.  Кызыгы чамгарактагы ийилген жыгачтардын саны үчөө эмес, биздин президент сунуштагандай төртөө экен!

Байыркы амфитеатрды  эске салган  тепкичтерге чыкпастан, башкы эшиктин оң жагына багыт алдык. Айнектелген узун коридорду аралап баратабыз. Мөлдир:

— Бул жерде балдардын жашоо көндүмдөрүн ар тараптуу өнүктүргөн цехтер, өнөрканалар бар. Балдарга мында жалгыз кирүүгө болбойт, — деп айнек артына жашынган устаканаларды көрсөттү.

Айласыздан өзүм окуган эски мектебим эсиме түштү. Мектептин мастерскою айыл ортосундагы эски контордо эле. Эмгекке үйрөтүү сабагын ошондо өтчүбүз. Бир жолу кышында тентектиги жагынан эч кимди алдыга салбаган классташыбыз жыгачты чабам деп бутун чаап алса болобу! Кан токтобой, чанага отургузуп, айылдын фельдшердик пунктуна сүйрөп барганбыз. Ошон үчүн Мөлдир айымдын азыркы сөзү мага абдан жөндүү көрүндү. Анткени эмгекке үйрөтүү сабагында — коопсуздук эрежелерин сактоо эң башкы маселе!

Мага мектеп боюнча 10 устакана: жыгач жана металл иштетүү цехи,  орто мектептин  робототехника кабинети, кездемени кайра иштетүүчү цех, ашкана, карапа жасоочу цех,   башталгыч мектептин робототехника кабинети жана бир канча лабораториялар бардыгын айтышты.  Айрымдарына баш бактык. Устаканаларда эмгекке үйрөтүү сабактарына керектүү шаймандар: балта, балка, ара, мык сууругуч, бурагычтар, жыгач жонуучу аспаптар, темир кескичтер, ошондой эле жыгач жана темир менен иштөөгө зарыл материалдар өз-өз текчелерине чоң-кичине түрүнө жараша ирети менен коюлган. Лазердик станокторду да ушул жерден көрдүм. Мында сабактарды мектеп мугалимдери эмес, машина курууну, роботторду конструкциялоону мыкты билген ийрим жетекчилери өтүшөрүн баамдап турдум.

Акылмандардын «Билгенден биле элегиң көп» дегени чын экен. Устаканаларды кыдырып жүрүп мен STEM менен STEAM түшүнүктөрүнүн айырмасын  билип алдым.

Экөөнүн айырмасын мага Мөлдир айым айтып берди:

— STEM — бул окутууга жана өнүктүрүүгө карата биздин мамилебиз, бул усулда табигый илим предметтерин окутууда  технология, инженерия жана математика менен айкалыштырууга басым жасалса, STEAM билим берүүсүндө өнөргө — жакшыртууга, кооздоого, мыктылоого маани берилет. STEAM аркылуу турмуштук көндүмдөргө каныккан окуучуларыбыз келечекте эл аралык ар кандай таймаштарга катыша алышат.

Көп өтпөй Ресурстук борборго келдик. Логопед жумуш столунда өзүнүн ишине муктаж окуучулардын аты-жөнүн жазып жатыптыр.

— Мен даярдоочу класстын жана биринчи класстын окуучулары менен иш алып барам. Кайсы окуучуларга жардам керектигин ата-энелерден сурап алгам, — дейт мурда бала бакчада тарбиячы болуп иштеген Зайда Ашуровна.

Астанадагы окуу баасы эң кымбат бул билим ордосун биздин мектептерге окшоштура албайсың. Бул жерде баары башкача. Коридорлордо окуучулардын жеке шкафтары орнотулган. Алар тыныгуу учурунда керексиз китептерин коюп, керектүүсүн алып кетишет. Ошентип оор сумкаларды көтөрүп жүрүү зарылдыгы жокко эсе. Ушул эле коридорлордо дубалга илинген ар кандай түстөгү, формадагы жеңил, жумшак отургучтарды көрөсүң. Аларды керектүү учурда жерге ала коюп, окуучулар менен чогуу талкуу уюштурса болот. Бүткөн соң кайра ордуна илип коюшат.

Ушундай көп функционалдуу бурчтардын биринен биз тарбия ишине жооп берген кураторлорду жолуктурдук. Кураторлор сабак беришпей, жалаң тарбиялык иш-чараларды уюштуруу менен алектенишери мага кызыктуу болду.

Бөлмөлөрдүн көп функционалдуулугун спорт залдан, медиа каанасынан жана китепканадан да байкадым. Медиакаана класстын ата-энелер жыйындарын өткөрүүдө колдонулса, чоң спортзал бир заматта 80-120 орундуу салтанат залына айланып калат.

— Муну биз Финляндиядан көрдүк. Салтанат залында иш-чаралар аз өткөндүктөн, алар аны башка максаттарда да колдонушат экен, — дейт директордун изилдөө жана өнүктүрүү боюнча орун басары.

Көп функцияналдуулук идеясын китепканадан да байкадым. Китепкананын окуу залында эле өзүнчө «бекинип» китеп окууга, тексттерди угууга ылайыкташтырылган өз-өзүнчө кабиналар бар экен. Жаңы келген китептердин арасынан Сингапурдан басылып чыккан окуу китептерин дароо тааныдым. Аларды мага бирден көрсөтүп жатып Мөлдир айым:

— Биз Сингапурдун  Marshall Cavendish басмаканасы менен иштешип жатабыз. Келечекте он эки жылдык билим берүүгө өтсөк дейбиз. Бирок бул оңой эмес. Үч деңгээлдеги эл аралык сертификациялоодон өтүү зарыл, — деди.

Китепканадан түз эле QUANTUM мектебинин сыймыгы — балдарды жаштайынан сууда сүзүүгө үйрөткөн бассейнге жөнөдүк. Бассейнге баруу мектеп директорунун идеясы болчу. Бассейн эки бөлүктөн: жаш балдар жана өспүрүмдөр бөлүгүнөн турат. Жаш балдар бөлүгүндө суу тайыз жана жылуу экен.

Кыргызстан өз эгемендүүлүгүн белгилеп жаткан күнү ачылган бул заманбап мектепте учурда 500гө чукул окуучу окуп жатыптыр. Мындай шарттарды көргөндөн кийин мен бул билим уясында жалаң акчалуулардын балдары окуй турганын түшүндүм. Арасында казакстандык мигранттардын чет өлкөдөн окуп келген  балдары да бар экен.

— Жаныбызда Мамбетов атындагы драмтеатр бар. Ушулардын көмөгү менен өзүбүздө театр ачсак дейбиз. Дагы бир таланттуу скрипач келип биринчи класстарды скрипкага үйрөтүп жатат, — деди Динара Сагадатова келечек пландары менен бөлүшүп.

P.S. Quantum мектептеринин жетекчилери Алмас Ордабаев, Динара Сагадатова жана Максүт кызы Мөлдүр биздин жердешибиз профессор Дүйшөн Шаматовдун шакирттери болуп саналышат. Алардын баары Назарбаев университетинин Жогорку мектебиндеги магистратурада профессор Шаматовдон билим алышканын мага зор сыймык менен айтышты. Билим сапарын уюштурууга кошкон зор салымы үчүн профессор Дүйшөн Шаматовго терең ыраазычылык билдиребиз.

(Уландысы бар)

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», (Бишкек — Алма-Ата — Астана — Чу — Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер