АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК: мугалимдердин колун эмне байлайт?
- 01.11.2024
- 0
Аскерге чейинки даярдык предметинин сапатын жакшыртуу көптөгөн жылдардан бери күн тартибинде турат. Бирок тилекке каршы, маселени чечүүдө көңүл жылытаарлык иш жасала элек эле. Бул предметтин мугалимдеринин отуз жылдан бери колунда окуу китеби гана эмес, окуу методикалык колдонмосу жок болчу. Кечээ жакында Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан биринчи жолу кыргыз жана орус тилинде окуу методикалык колдонмо иштелип чыгып, бардык экспертизалардан өтүп, апробацияга даярдалды. Мына ушуга окшогон жаңылыктар жана бул предметти окутуудагы көйгөйлөр тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Алмаз Сатаев биз менен болгон маегинде айтып берди.
– Аскерге чейинки даярдык предметинин баасын, баркын айтпасак деле баарыбызга белгилүү. Бирок тилекке каршы, бул сабактын мугалимдеринин колун байлаган көп маселелер али да чечилбей келет.
– Ооба, азыр бул предметтин чечилбей жаткан бир топ маселелери бар. Бирок сөздү алгач предметтин баалуулугунан баштасак. Билим берүү мекемелериндеги Аскерге чейинки даярдоо предмети жаштарды аскердик кызматка даярдоо тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Бул предмет менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан орто, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде жумасына эки сааттан окутулат. Бул предметтин эң башкы милдети жарандын аскердик кызмат үчүн зарыл болгон моралдык, психологиялык жана физикалык сапаттарын калыптандыруу, мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат. Жарандык коргонуу жаатындагы көндүмдөрдү алуу, аскердик кызматтын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүү, ок атуучу куралдардын түзүлүшүн жана аларды колдонуу эрежелерин, тактикалык негиздерин, күжүрмөн даярдык, ден соолукту сактоо жана аскердик-медициналык даярдык, аскерлерди жана калкты радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргоо маселелери тереңден окутулат. Бул билимдер практикалык жактан окуу лагерлеринде бекемделет. Бирок тилекке каршы, өзүңүздөр билгендей дал ушул практикалык сабактар бардык эле мектептерде толук кандуу өтүлбөйт. Дал ушул маселе бүгүнкү күндөгү предметти окутуудагы көйгөйлөрдүн бири болууда.
Эң биринчиден, мектептерде машыгуу үчүн курал-жарак, курал-жарактын, гранаталардын түзүлүшүн көрсөтүү үчүн муляждар жетишсиз. Мындай көрүнүш айыл жериндеги гана эмес, борбордогу мектептерде да бар. Бул эң чоң мааниге ээ. Анткени автоматты кармап көрүп, ажыратып кайра чогултуп көрсө жаштарда башкача сезим пайда болот.
Мугалимдер бул кырдаалдан чыгуу үчүн жакын жайгашкан аскер бөлүктөрү менен кызматташат. Жок дегенде жылына бир жолу окуучуларды алып барып, аскерлердин жашоосун, тамак ичкен, уктай турган, машыккан жерлерин, кийимдерин, курал-жарактардын, техникалардын түрүн көрсөтүп турушат. Бул дагы аябай жакшы натыйжа берет.
– Азыр өз каалоосу менен аскерге кызмат өтөйм деген жаштардын катары суюлуп баратат. Ал тургай спортко да кызыкпай бараткандай. Мүмкүн жогоруда сиз айткан көйгөйлөр буга себеп болуп жүрбөсүн.
– Мектепте аскерге чейинки даярдык менен дене тарбия сабагын кошо жакшыртуу керек. Себеби азыр балдардын көбү аскерден гана эмес дене тарбия сабагынан да качып калды. Окуучулар, өзгөчө эркек балдар үчүн биринчи кезекте физикалык даярдык керек. Дене тарбия сабагынан качкан бала аскердик кызмат да өтөбөйт. Ошондуктан ушул эки сабакты айкалыштырып сапатын жакшыртуу мезгил талабы болуп турат. Райондордогу жана шаарлардагы стационардык аскердик бөлүктөр жана башка аскердик түзүлүштөр аскердик кызмат, курал-жарак жана аскердик техника менен практикалык таанышуу үчүн окуучуларга жардам берүүгө даяр. Болгону мектептер алар менен тыгыз кызматташуусу керек. Сабактардын сапатын жакшыртуу максатында атайын кабинеттерди жабдуу жана долбоорлоо боюнча усулдук сунуштамалар иштелип чыккан, мындан тышкары “АЧД” предмети боюнча типтүү класстын долбоору түзүлдү. Теориялык жана практикалык окуу үчүн зарыл болгон плакаттар, инструкциялар жана таблицалар электрондук түрдө бардык райондук ӨЭУларга жана РВКларга таркатылды.
– Отуз жылдан бери АЧД предмети боюнча кыргызча бир да окуу китеби чыгарыла элек эле. Азыр бул маселе чечилдиби?
– Ооба, азыр бул предмет боюнча окуу китеби дагы деле жок. Бирок окуу методикалык колдонмо иштелип чыкты. Авторлору запастагы полковник Б.Джолдошбаев, подполковник Ч.Беккелдиев жана менмин. Ал кыргыз жана орус тилинде жазылып, бардык экспертизалардан өтүп, апробацияга даярдалып берилген, азыркы учурда кандай жыйынтык болгонун айта албайм.
Дене тарбия предмети боюнча орус тилинде “Мектепте волейболду окутуунун методикалык ырааттуулугу” деген окуу куралын чыгардык. Бул кыргыз тилинде да даярдалууда, буюрса, жакында басылат. Азыр дене тарбия мугалимдерине да окуу методикалык колдонмо жазылууда.
– Окуу китебинин, тийиштүү материалдык-техникалык базанын жоктугу албетте, сапатка таасирин тийгизбей койбойт. Мындайда кырдаалдан чыгып кетүү мугалимдердин чыгармачылык дараметине байланыштуу болуп калат эмеспи. Мугалимдер сабакты өтүүдө ириде эмнеге көңүл бурушу керек?
– Окуу процессин натыйжалуу уюштуруу үчүн окутуунун жаңы формаларын, ыкмаларын (схемаларды моделдөө) издеп, аны ишке ашыруу зарыл. Бүгүнкү күндө куралдардын жана аскердик техникалардын жаңы түрлөрүнүн пайда болушу аларды өздөштүрүү жана колдонуунун эң натыйжалуу ыкмалары, күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну талап кылууда. Аскердик иштердин негиздери инновациялык технологиялардын (аскердик техниканын) өнүгүү деңгээлинен көз каранды деген тыянак болуп көрбөгөндөй тастыкталды. Андыктан биз дагы ошого жараша сабактардын сапатын жакшыртуубуз шарт. Антпесек замандан артта калып калабыз. Бул сабакты өтүүдө билим берүү мекемелеринде ар бир окуучу үчүн шарт түзүлгөн болсо анда ал идеалдуу болуп эсептелмек. Бирок тилекке каршы, жогоруда айтылгандай, мындай деңгээлге жете албай жатабыз. Андан сырткары окуучулардын Мекенге болгон сүйүүсүн акырындап ойготуп, аны коргоого дайым даяр боло турган абалга жеткирүү керек. Ошону менен бирге өзүнүн Мекени жана эли үчүн сыймыктанууга тарбиялоо, анын зор жетишкендиктерин жана тарыхын урматтоого үйрөтүү зарыл. Буга жетүү үчүн уставдарды, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн курамынын түрлөрүн, аскердик милдеттин жана аскердик кызматтын маңызы, аскер кызматчыларынын ортосундагы мамилелерди куруунун өзгөчөлүктөрүн, аскердик тартипке, аскер кызматчыларын жайгаштыруу маселелерине жана рота боюнча эшик сакчынын ички тартибине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Окуучулар өзгөчө кырдаалдарда кандай кадамдарды жасай турганын, тартибин үйрөтүп, жалпы мектептик машыгууларды да жогорку деңгээлде уюштуруу керек.
– Бул предметтин курамында медициналык билимдердин негиздери да бар эмеспи. Тийиштүү сааттар кандай өтүлүп жатат? Анткени бул жатта дагы маселелер жок эмес.
– Медициналык билимдердин негиздери боюнча сабактарды мектептин медициналык кызматкери өткөрөт, мүмкүнчүлүк болбогон учурда жакынкы медициналык мекеменин кызматкери тартылат. Жүрөк токтоп калганда жана дем алуусу токтогондо, жаракат алганда, сынганда биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн жогорулатуу, жарадарларды эвакуациялоо, жабыркаган жана оорулуу адамдарга кам көрүү, аларга моралдык-психологиялык сапаттарды сиңирүү көндүмдөрү үйрөтүлөт.
Окуу жылынын аягында жыйынтыктоочу сынак өткөрүп, контролдук сабактарда окуучулар теориялык суроолорго жооп берип, аскердик нормативдерди тапшырышат. Бул сааттар да ар бир мектепте ар кандай деңгээлде өткөрүлөт. Эң бакшысы ар кандай жолун таап, үзгүлтүккө учураган жок.
Айгерим ТОКТОБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер