АРТУР, ИЛГИЗ ЖАНА ЫКТЫЯРЧЫЛАР
- 10.09.2023
- 0
Артур Карымов – Чүй жатак-мектебинин мурунку бүтүрүүчүсү. Учурда ал Бишкектеги агро-техникалык колледжде окуйт. Бүгүн ал өзүндөй башка ыктыярчылар менен бирге көл жээгине эс алууга келген балдар-кыздарга баш-көз болмокчу.
— Азыркы балдар абдан аз кыймылдашат. Убактысынын көбүн телефон менен өткөргөнгө көнүп калышкан. Бул албетте жаман адат, – дейт ал мага.
Менин кийинки маектешим көл жээгиндеги беш күндүк лагердин начальниги, Чүй жатак-мектебинин мамлекеттик тил мугалими жана тарбиячысы Илмира Искенова болду.
— Быйыл жайында ушул эле эс алуу үйүнө 50 бала келип эс алып кетишкен. Бул жолу 70 тарбиялануучу келди. Баары 1-7-класстардын окуучулары болуп саналат. Беш күндүн ичинде балдар ден соолугун чыңдап, билим алып, көп нерсени билип кетишет. Тарбиячыларга да атайын Бишкектен психолог, мотиваторлор келип сабак өтүшөт, – дейт Илмира Искеновна.
Чүй жатак-мектебинде башынан балдардын ден соолугуна, туура тамактануусуна зор маани берилет. Тарбия берүү мекемесинин жетекчиси Назгүл Мусаева демөөрчүлөр менен иштөөдө да көп ийгиликке жетишти. Мына ошондой ак жүрөк демөөрчүлөрдүн бири Илгиз менен өткөн жылы таанышкам. Мен барган тушта ал балдар-кыздарга компьютерден сабак берип жүргөн экен. Азыр болсо беш күндүк эс алууну уюштуруптур.
Өзүнүн баласына эмес, өзгөнүн балдарына, айрыкча ата-эне мээримине муктаж балдарга кол сунган ушундай колу ачык ишкерлер өлкөбүздө көп болсун!
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер