АРДАКТУУ ОКУТУУЧУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА

  • 30.05.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардактуу окутуучусу, үлгүлүү устаты Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык юбилейи болуп өттү.

АРДАКТУУ ОКУТУУЧУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА

Мурзаш Жумабаевдин үй бүлөсү, бир туугандары, жакын санаалаштары жана окуу жайдагы кесиптештери катышкан мааракеде окутуучунун өмүр таржымалы, эмгек жолун чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлдү. Куттуктоолор айтылып, өзгөчө белектер тартууланды.

ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам Мурзаш Жумабаевдин университеттеги орду, билим берүүгө кошкон салымы,  жамааттын арасындагы кадыр-баркы бийик экенин баса белгилеп, 70 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктады.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги жана  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев 1952-жылы  15-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген.  Тогуз бир туугандын улуусу, атасы Жумабай Абдиев Советтик партиялык кызматкер жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болуп, райондогу аткаруу комитетинде жооптуу катчы кызматында эмгектенген. Ал эми апасы Турганбү Аттокурова үй кожойкеси болгон. Ата-энеси балдарын эрте жашынан билим алууга үндөп, алгач эле Мурзаш Жумабаев айылдагы Макаренко мектебине барган. Орто мектепти 1969-жылы аяктаган соң, ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене маданияты институтуна тапшырган. 1974-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Гүлчөдөгү Макаренко мектебинен баштаган. Он жылдай орто мектептерде иштеп, өзүнө жеткиликтүү тажрыйба арттырган соң 1984-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан эмгек жолун улантып, бүгүнкү күнгө чейин окутуучу, бөлүм башчы, декандык кызматтарда үзүрлүү эмгектенүүдө.

Жубайы Фатима Шаршеналиева менен 50 жылдан бери бирге түтүн булатып, бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер