АРДАГЕР МУГАЛИМДЕР ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

  • 10.11.2022
  • 0

Кечээ жакында Токтогул шаарында Бөкөнбаев атындагы №2  мектебибизде  карылардын майрамына карата салтанаттуу кече уюштурулду. Кечеге ардагер мугалимдерди чакырып куттукташты.

АРДАГЕР МУГАЛИМДЕР ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

Ортодо Сатарова Илятбү Оң жакта Жанузакова Ибадат

  Салтанатка келген ар бир ардагер мугалимдер сөз сүйлөп, өздөрүнүн накыл кептерин айтышты. Өткөн өмүрүнүн дээрлик көбүн дал ушул эл агартууга арнап, өлкөнүн жүгүн көтөргөн мыкты окуучуларга билим берип турмуш жолуна салганын эскерип, сыймыктанып отурушту. Жалпы коноктор үчүн сый дасторкон даярдалып, таланттуу окуучулар ырдап, бийлеп, өз таланттарын тартуулап маанайыбызды көтөрүштү. Ардагер мугалимдер бири бирибизди көргөнүбүзгө кубанып, ал жайыбызды сурашып, чер жазып ырахаттанып отурдук. Өлкөбүздүн ар бир регионунда ушундай мыкты иш чаралар уюштурулуп, ардагер мугалимдер да унутта калбай сый урматка бөлөнүп турса деген изги тилек менен кайттык. Ушул мектебим тууралуу кыскача токтоло кетсем, мектепте 1600 дөн ашык окуучу окуп, 90 дон ашык мугалим эмгектенип келе жатышат. Алардын ичинен ардагер мугалимдердин катарын толуктап иштеп келе жаткан эжейлерден бизге үлгү болуп Сатарова Илятбү француз тили мугалими, коомдук ишмер, “КРнын эмгек сиңирген мугалими” жана Жанузакова Ибадат башталгыч класстын мугалими, насаатчы, “КРнын эмгек сиңирген мугалими”, окуучуларга дагы да болсо билим берип, талыкпай иштеп келе жатышат. Ал эми мектеп директору болуп бир жыл мурун Термечикова Нарынкан Мамытовна дайындалган. Ал өз кесибинин мыкты адиси экенин далилдеп, аз убакыттын ичинде эле мектепке жаш адистерди көбүрөөк алып, сабак өтүүнүн жаңы иновациялык усулдарын колдонуп, көптөгөн алгылыктуу иштерди алып барууда десем жаңылышпайм. Мына ушундай мыкты мугалимдерибиз менен чогуу иштешип келе жатканыбызга сыймыктанабыз. Сөзүмдүн аягында жалпы кыргыз элине, анын ичинде агартуу тармагында иштеген баардык кызматкерлерге ийгиликтерди каалап, эл үчүн кылган эмгегиңердин үзүрүн көрүп, аман эсен болгула демекчимин. Элибизде тынччылык болуп, билим берүү тармагы дагы да алдыга жылып, өлкөбүздүн келечеги кең болсун. Бар бололу, замандаштар!

АРДАГЕР МУГАЛИМДЕР ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

Роза Зулпукарова, Токтогул шаары, ардагер мугалим.

Бөлүшүү

Комментарийлер