АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

  • 30.08.2020
  • 0

АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

 

Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердей эле Кыргызстанда да мектеп окуучулары, студенттер 2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегин аралыктан окуп аякташты. Бул күтүүсүз болду. Эми жащы окуу жылдын 1-чейрегинде да 1-класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуйт деп, кызуу даярдык жүрүүдө.

2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегинде аралыктан окутуудагы алгылыктуу жактар төмөнкүлөр болду:

  1. Типтүү календардык-тематикалык планды эске алуу менен даярдалган видеосабактардын теледен берилиши. Эгерде Кыргызстан айрым мамлекеттердей толук онлайн-окутууга өткөндө, интернеттин үзгүлтүк менен иштөөсү, жүктөмдү көтөрө албай калуусу, интернетке туташа турган смарт телефондордун жетишсиздиги, интернет байланыштын жоктугу сыяктуу абдан көп кыйынчылыктар жаралмак.
  2. Буга чейин иштеп келген жана жаңы билим берүү сайттарынын, платформалардын түзүлүшү. Алсак, класстар жана предметтер боюнча бар электрондук материалдар топтолгон oku.edu.gov.kg, kitep.edu.gov.kg башталгыч класстар үчүн Ibilim.kg, 5-9-класстар үчүн bb.edu.gov.kg, окуу китептердин жана башка адабияттардын электрондук көчүрмөсү сакталган lib.kg жана intobr.kg, mozaweb.com, yaklass.ru, testing.kg сыяктуу сайттар, ошондой эле youtube.com/channel/UCdlPy3qAGu6mPuXusTjMiMg каналы окуунун натыйжалуулугун арттырууга тиешелүү салым кошту.
  3. Аралыктан окутуу башталары менен, билим берүүгө тиешеси бар да, тиешеси жок да адистер тарабынан маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштөө боюнча, ар кайсы предметтерди аралыктан окутуу боюнча, видеосабактарды даярдоо жана аларды You Tube каналына жүктөө боюнча, окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге психологиялык жардам көрсөтүү боюнча вебинарлар абдан активдүү өткөрүлүп, аларга өтө көп мугалимдер катышып жатышты.

Кыргыз билим берүү академиясы билим берүү сайттарынын контентин толуктоо менен катар ата-энелерге психологиялык жардам көрсөтүү максатында ЭлТРдин “Билим-илим” каналы аркылуу “Ата-энелер мектеби”, Биринчи радио аркылуу “Ата-энелер, Сиздер үчүн: карантин учурунда ата-энелер эмнелерди билиши керек” берүүлөрүн системалуу алып барды. Green Light, ЖМКны колдоо фонду уюмдары менен кызматташып, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштөө боюнча тренингдерди өлкөнүн бардык аймактары үчүн өткөрдү.

Натыйжада IT адистер гана эмес, жөнөкөй мугалимдер тарабынан да видеосабактар көп даярдалып, YouTube каналына активдүү жүктөлдү. Предметтик мугалимдердин WhatsApp топторунда түрдүү маселелер кызуу талкууланып турду.

2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегинде аралыктан окутуунун кемчиликтери катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:

  • айрым мугалимдердин жана окуучулардын маалымат-коммуникациялык технологиялар менен иштөөнү жакшы билбеши;
  • тез арада даярдалгандыктан, айрым видеосабактардын сапатынын төмөн болушу;
  • ата-энелер карантин учурунда балдарына кантип жардам берүүнү, алар менен кандайча иштөөнү жакшы билбеши;
  • натыйжада психологиялык кыйынчылыктардын жаралышы;
  • интернет байланышындагы кыйынчылыктар;
  • айрым үй-бүлөлөрдө телевизордун, бир топ балдарга караштуу компьютер, ноутбук же смарт телефондун жоктугу;
  • окуу процессине бардык балдарды тартуунун жана кайтарым байланышты тъзъъ кыйынчылыгы.

Бул көйгөйлөрдүн бир тобун ыкчам чечүү үчүн жигердүү аракеттер жасалып жатты.

2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинде эске ала турган учурлар жана сунуштар

1-чейректе кырдаал бир топ башкачараак болот:

  1. 2019-2020-окуу жылында 3 чейректи салттуу формада окуп, 4-чейрек гана аралыктан окулду, ал негизинен кайталоо болчу. Бул психологиялык жактан бир аз жеңилирээк эле. Ал эми 2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинде негизинен жаңы материалдар өтүлөт. Андан сырткары 4-чейректи аралыктан окуп, андан ары жай бою каникулда жүргөн окуучулар, албетте, көп нерсени унутуп келишет. Адатта сентябрдын башында окуучулар мектепке адаптацияга болуп, мурда өткөн материалдар эске салынчу. Бул кошумча түйшүктөрдү, психологиялык кыйынчылыктарды жаратат.
  2. Ошондой эле 2019-2020-окуу жылынын 4-чейрегинде ата-энелер үйдө болуп, балдарына жардам берсе, 2020-2021-окуу жылынын 1-чейрегинде ата-энелер жумушта болот. Айрым учурларда бала үйдө жалгыз калуусу да мүмкүн.
  3. Класста балдардын саны 20дан жогору болуп, балдар 2ге бөлүнсө, 1-класстын мугалимдеринин жүктөмү башка мугалимдерге салыштырмалуу болжол менен 80%га өсөт. Буга санитардык талаптарды сактоо, окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти кошуу керек.
  4. 1-чейректе класстан класска көчкөн окуучулар болбосо, 1-чейректе башталгыч мектепти аяктап, 5-класска келген окуучуларда бир топ кыйынчылыктар жаралат. Анткени буга чейин алар 4 жыл бир мугалимдин колунда окуган болсо, эми мън=зъ ар башка болгон бир нече мугалимге өтөт. Окуу предметтеринин, сааттардын саны да өсөт.
  5. Бул чейректе төмөнкү маселелер кайтадан да актуалдуу болот:
    • бардык окуучуларды окуу процессине тартуу;
    • кайтарым байланышты уюштуруу жана баалоо.

Эмне кылуу керек?

Мугалимдер үчүн:

  1. Биринчи кезекте дүрбөлөңгө түшпөйлү, анткени “Дүрбөлөң – начар кеңешчи” деп бекеринен айтылбаса керек. “Коркконго кош көрүнөт” – дүрбөлөңгө түшкөн адам билгенин да унутат. Урматтуу кесиптеш, коркпойлу, дүрбөлөңгө да түшпөйлү. Андан к=р= акыл токтотуп, “чечилбей турган маселе болбойт”, акыл калчайлы.
  2. Анткени биз жардам ала тургандар ого эле көп:

2.1. кесиптештериңиз, предмет боюнча WhatsApp тобу, кесиптик топтор

2.2. адистер

2.2. активисттер

2.4. керек болсо окуучуларыбыз (мурда бүтүп кеткендер) да жардамга келе алат. Биз жай отуруп, кимден кандай жардам ала аларыбызды кагазга жазып чыксак да болот. Ал тизме улам толуктала берет.

Предметибизге тиешелүү, бизге керектүү видеолорду башкалар биз үчүн таап топтоп бериши толук ыктымал. Демек, уюштуруучулук жөндөмдү көрсөтүүгө туура келет.

Жогоруда көрсөтүлгөн билим берүү сайттарын, платформаларды натыйжалуу колдонуу, КР Билим берүү жана илим министрлиги ж.б. уюмдар уюштурган окууларга катышуу. Бул жерде керек болсо ар түрдүү окуу китептердеги айрым материалдарды, көнүгүүлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралууда.

Эгер кайсы бир маалыматтык-коммуникациялык технологияны колдонууну билбей жатсак, YouTube каналына кирели, аны колдонууну түшүндүргөн ар түрдүү видеолорду таба алабыз.

“Кут Билим” гезитинин 2020-жыл, 21-августтагы №24 (10866) санына “2020-2021-окуу жылында пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама” жарык көрдү. Анда окуу процессин уюштуруу боюнча райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын башчыларынын мектеп администрациясынын, мугалимдердин жана ата-энелердин милдеттери көрсөтүлгөн. Документте “Психологиялык кызматтарды жана “ыкчам байланышты” уюштуруу маселеси да каралган.

“Ырыс алды – ынтымак” дегендей, кызматташуунун, биргелешип аракеттенүүнүн, өнөктөшүүнүн, ынтымакта иштөөнүн мезгили келди. Кесиптештер, ата-энелер, мектеп администрациясы, бийлик өкүлдөрү, коомчулук менен кызматташсак, бири-бирибизге жардам берсек, абалдан татыктуу чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи класстын мугалимдерине башка мугалимдердин, администрациянын көмөк көрсөтүп, жардам берүүсү боюнча сунуш КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилди. 5-класста да ушул ыкманы ийгиликтүү колдонуу өз натыйжасын бермек.

Бардык балдарды окуу процессине тартуу жана кайтарым байланышты ийгиликтүү уюштуруу үчүн ата-энелер менен тыгыз кызматташуу жана балдардын өздөрүнүн WhatsApp топторун түзүү, алардын талкуусун уюштуруу натыйжалуу болмок. Кайтарым байланышты электрондук почта, вотсап, ZOOM, Classroom сыяктуу платформаларды колдонуу менен уюштурууга, мугалимдер өздөрү түзгөн, башка мугалимдер түзүп, тиешелүү сайттарга коюлган, YouTube каналындагы тесттерди колдонууга болот. Баалоодо диагностикалык, калыптандыруучу (формативдик) баалоону, критерийлик баалоону көбүрөөк колдонуу сунушталат. Алардын негизинде жыйынтыктоочу (суммативдик) баалоо ишке ашат.

Ата-энелер үчүн

“Кут Билим” гезитинин 2020-жылдын 21-августундагы №24 (10866) номерине “Аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын нускама” жарык көрдү. Ал бала үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүдөн баштап үй тапшырмасын аткарууга, кайтарым байланышка чейинкикалык сунуштарды камтыган 11 кадамдан турат. Бул сунуштар практиканы эске алуу менен жакшы түзүлгөн.

Буга кошумча “баланы эркине каршы мажбурлабайлы” демекчибиз. Кээде баланын көңүл кушу чөгүп турганына, каалоосу жоктугуна карабастан, “менин убактым болуп калды, дароо тапшырманы аткаралы”, — деп баштайбыз. Өзүбүзгө эмес, баланын каалоосуна басым жасасак. Тескерисинче, аны ошол ишке кызыктырганга аракет кылсак, ал үчүн алгач ар кайсы темаларда эркин баарлашуу, баланы сүйлөтүү жакшы болмок.

Баланы ийгиликке шыктандыруу абдан маанилүү. Анын эмне аткарганын билип, ошол аткарган иши, жетишкен ийгилиги боюнча (жөн гана жалпысынан мактай бербей) мактасак, колдон келсе, критерийлерди белгилеп, ошол аркылуу бааласак, бала ошого көнүп, ошол талаптарды сактап баштайт.

Бала менен көбүрөөк сүйлөшөлү. Эгерде бала түнт тартып, аз сүйлөп калса, бул абдан коркунучтуу. Ошондуктан колдон келишинче аны сүйлөтүүгө аракет кылалы. Керек болсо, телефондон достору, туугандар менен сүйлөштүрөлү. Кыйналып турган бала канчалык чын дилден сүйлөсө, ошол ичиндеги аны эзип жаткан ойлор чыгып кетет, баланын ичи бошоп калат. Бул бала жаман иштерге барбайт дегенди билдирет.

Урматтуу ата-энелер, 1-чейрек учурунда биз үчүн уюштурулган берүүлөрдү карап, вебинарларга активдүү катышууга, өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө чакырып кетер элек. Анда бизге ийгилик!

 

Алмазбек Токтомаметов.

Иллюстрациянын шилтемеси: https://sng.today/astana/12740-v-kazahstane-startovalo-onlajn-obuchenie.html

Бөлүшүү

Комментарийлер