АРАЛЫКТАН ОКУТУУ ЖАНА АНЫН «ПЛЮСУ» ЖАНА «МИНУСУ»

  • 04.09.2020
  • 0

Коронавирус пандемиясы окуучуларды мектептен аргасыз таратып, аралыктан окутууну уюштуруга түрткү болду. Аралыктан окутуу санарип б.а. цифралык технологиялар аркылуу кана ишке ашырылат. Ушундай дээрлик кризистик абалда Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды аралыктан окутуу боюнча чукул жана белгилүү деңгээлде эффективдүү иш-чараларды уюштура алды. Элеттеги мугалимдерден баштап Кыргызстандын бүткүл мугалимдер жааматы бул акцияга активдүү катыша баштады. Мындай кубулуш баарыбызды кубандырат. Бул Кыргыз Республикасынын Президенти C.Ш.Жээнбековдун Кыргызстандагы санариптештирүү иш-чараларын да өз учурунда баштагандыгынын ачык айкын далилдеди.

Дүйнөгө таанылган белгилүү окумуштуулар жана көрүнүктүү адистер азыркы күндө билим берүүнү цифралаштыруунун оң жана терс, б.а. “плюсу” жана “минусу” бар экендигигин ачык далилдешти. Сөзүбүз кур болбосун үчүн конкреттүү илимий фактыларды келтире кетели. Россиялык көрүнүктүү педагогдору жана методисттери, окумуштуулары Москвадагы электрондук мектеп (МЭШ) жөнүндө жалпысынан цифралык билим берүү боюнча көп жана аргументтүү пикирлерин илимий-педагогикалык басылмаларда жарыялашты. Андай илимий эмгектер азыркы учурда кыйла көбөйдү. Алардагы негизги идея цифралык билим берүүдө көптөгөн терс факторлор бар жана б.а. алардын “минустары” кыйла көп деп саналат.

Цифралык билим берүү боюнча европалык жана америкалык өлкөлөрдө да кеңири талкуулар жүрүүдө. Электрондук мектептерди иштетүү “катостропикалык натыйжа берет” деп да күтүлүүдө. “Технологиялык гиганттарда” (E-bai, Google, Yahoo, Hewlott-PAKARD ж. б.) иштеген кызматкерлер технологиялык продукциялары бүткүл дүйнөдө колдонулганына карабастан өздөрүнүн балдарына компьютердин экранынан жана интерактивдүү доскадан эмес, эски жыгач доскадан жана бор, кагаз, ручка менен билим алуусун сурамжылуудо ачык билдиришкен. Гуглда (Google) иштеген жогорку даражалуу адис Алан Игл журналисттин суроосуна “менин кызым 5-класста окуйт. Анын окуусуна Арр же IPad математика же китеп окуусуна жардам берет – деген, бул күлкү келтирген сөздөр” — деп жооп берген. The New Timesтин журналисти Ник Билтон Стив Джобско “сиздин балдарыңыз IPad менен кеңири иштешеби, колдонушабы?” — деген суроо берген. Анда, Стив “менин балдарым түнү менен, дем алыш күндөрү такыр колдонушпайт жана бөлөк убактарда да чектүү пайдаланышат”, — деп жооп берген. Ушул сыяктуу суроолор бөлөк көрүнүктүү (гуру) адистерге да берилген. Алардын да жооптору жогоркулардай болуп чыккан. Демек, кыскача жалпы жыйынтык жасасак билим берүүнү цифразациялоонун терс белгилүү денгээлде зыяндуу таасири бар деген жыйынтыкка келебиз.

Бүткүл россиялык өспүрүмдөрдүн жана ата-энелердин цифралык компетенттүүлүгүн изилдеген өнүгүү фондусу россиялык окуучулардын жашоо образы өзгөргөндүгүн жана зыяндуу (риск) жагдайларды топторго (классификация) бөлүшкөн. Аларга төмөнкүлөр:

  • контенттик;

  • коммуникациялык;

  • пайдалануучулук (потребительские);

  • техникалык;

  • интернет көз карандылык (интернет зависимость).

Ал тургай россиялык окуучулар интернетти “технологиялардын тобу” дешпестен, «жашоо чөйрөсү» катары кабыл алышат деген калыптанган көз караш бар. Интернетке өзгөчө көз карандылык же берилүүнүн (зависимость или чрезмерная увлеченность) төрт түрүн россиялык педагогдор төмөнкүдөй бөлүшкөн:

1. Илээшкен (навязчивый) веб-серфинг (веб-дайвинг);

2. Оюнкечтик (игромания);

3. Жабышуучулук (пристрастие) онлайн-мамилелешүүгө;

4. Киберсексуалдык көз карандылык.

Кээ бир сөздөрдү бир мааниде кыргызча которуу татаал экендигин көрүп турабыз.

Жогоруда келтирилген илимий жүйөөлү аргументтерден кийин бүгүнкү күнгө калыпталган цифралык билим берүүнүн оң жана терс, б. а. “плюстарын” жана “минустарын” көрсөтөлү.

Позитивтик факторлор (плюстары)

1. Өз алдынча иштөө жөндөмүүлүгү;

2. Педагогдун зарылчылыгынын жоктугу;

3. Компьютерде бардык окуу китептери жана пособиелердин бардыгы;

4. Жумушчу дептерлердин ордуна планшеттердин колдонушу;

5. Электрондук журналдар жана күндөлүктөр;

6. Ар бир окуучунун электродук досьеси жана анын үй-бүлө тарабынан текшерүү мүкүнчүлүгү.

Негативдик факторлор (минустары)

1. Жазуу жөндөмдүн жоготуу;

2. Чоң тексттерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн жоготуу;

3. Экрандан көз каранды болуу;

4. Социалдык жөндөмдүүлүктү жоготуу;

5. Цифралык кем акылдуулук;

6. Wi Fi дын мектепте болуусу (электромагниттик нурлануу);

7. Сүйлөө (речевая) өнүгүүсүндөгү проблемлар;

8. Көрүү (көз) проблемасы;

9. Компьютердик, анын ичинде оюндук көз карандылык ж. б.

Толук масштабдуу “Цифралык билим берүү” проектиси ишке ашса төмөнкүдөй терс көрүнүштөр калыптанышы мүмкүн деп адистер эсептешет жана андан чыгуу жолдорун чечүү зарыл:

а) коом толук функционалдуу билимсиз муунду, б.а. “бир кнопканын кишилерин” (людей одной кнопки) алабыз;

б) дүйнөнүн толук картинасын түшүнбөгөн өтө тар маселелерди чече алуучу адистерди даярдайбыз;

в) терс таасирлерден кутулуу жолдоруна цифралаштырууну традициялык билим берүү технологияларынын жетишкендиктери менен оптималдуу айкалаштыруу болуп саналат;

г) инновациялык билим берүү технологияларынын келечеги цифралык билим берүү менен традициялык билим берүү технологияларын терең интеграциялоо;

д) билим берүүдө мүмкүн болушунча цифралаштыруунун терс факторлорун билип жана аларды жоготуу багытында пландуу иш жүргүзүү зарыл.
Бул чакан информациялык макалада азыркы шартта активдүү аралыктан иштеп жаткан мугалимдерибизге мындан ары да чыгармачылык менен иштешет деген ишенимибизди билдирүүнү максат кылдык.

К. Утуров, Д.Иманбердиев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессорлору

Бөлүшүү

Комментарийлер