АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА АЗАБЫ

  • 17.09.2020
  • 0

Эпидемиологиялык кырдаал турукташса, октябрь айынан баштап мектептер реалдуу режимде иштейт деген министрдин билдирүүсүн мугалимдер, айрыкча, ата-энелер кубануу менен кабыл алышууда.

Мугалимдер аралыктан окутуунун оң жана терс жактары болгондугун, адегенде ата-энелер жана окуучулар кызыгуу менен кабыл алышып, бирок кийинчерээк солгундай түшкөндүгүн өз тажрыйбасынан көрүп жатышкандыгын белгилешүүдө. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К.Карачев атындагы №21 Сары-Дөбө орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Таалайбек Мырзабаев да билдирди.

— Аралыктан окутууга биз чынында, күтүүсүздөн кирбедикпи. Мугалимдер үчүн башында бир кыйла татаалыраак болду, бирок бара-бара тажрыйба топтоп, айрыкча, жайкы каникул маалында көбүрөөк даярданып алдык. Сабактарды ютубдан ж.б. маалымат булактарынан алып, изденип иштедик. Адегенде окутуунун жолдорун билгенибиз да болду, билбегенибиз да болду дегендей. Бир жакшы жери – ата-энелер мугалимдин, мектептин кадыр-баркын билишти, ошол эле учурда мугалим менен жеке байланыш да бекемделди. Ата-энелер үйдөн балдарын окутуп, баскан-турганына көбүрөөк көңүл буруп жатышты. Бирок алардын деле чыдамы түгөндүбү же кызыгы тарадыбы айтор, жаңы окуу жылынан баштап байкаганым, окууга көңүлдөрү чаппай, көр оокат менен көбүрөөк алышып жатышкандай.

Бул жерден ата-энелердин да, окуучулардын да окууга кайдыгерлиги байкалат. Окуучуларыбыз биздин түйшүктөнүп даярдаган сабактарыбызга көңүл бурушса, тапшырмаларыбызды кызыгып, аткарышса деп аракеттенип иштейбиз да. Министр мырза кечээ жакында эле окутууну октябрдан баштап мурдагы калыбына келтиребиз дегенин угуп, аябай кубанып жатабыз. Себеби, мектепке барып окуганды биз да, окуучулар да аябай сагындык, бизге мектеп да балдардын күлкүсүн сагынгандай сезилет, — дейт Таалайбек Мырзабаев.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА АЗАБЫ

“Сабакты салттуу ыкмада өткөндү сагындык”

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашаган Алымбектин беш баласы бар. Ал балдар сабактарга даярдануу үчүн смартфондорго көз каранды болуп, бул ашыкча түйшүк жаратып жатканын айтат. Өзү жана жубайы мугалим болгондуктан, үй-бүлөлүк бюджети тартыш, ар бирине заманбап телефон алып бере алышпай, балдары өзүнүн телефонун алып, кезектешип окушат.

— Биздин аралыктан иштеп жатканыбыздын жардамы тийип, балдарым менин колумдагы телефон менен сабакка даярданып жатышат. Болбосо абал кыйла эле кыйын болмок деп ойлойм. Үйдө жогорку класстарда окуган балдары барларга жеңил, улуусу кичүүсүнө жардамдашат, ал эми бир баласы бар менин кошуналарым өздөрү жумуштан бошобой, балдарын мугалимдерге кошумча акча төлөп окутушууда. Учурда мектеп эле эмес, бала бакчалар да иштебегендиктен, балдар кароосуз көчөдө калышканын айтып кейип жатышат. Колдору бошобогон ата-энелердин балдары ырасында эле өздөрү менен өздөрү болуп калды. Андай шартта өз алдынча сабак окуп жатышкандары деле күмөн  — дейт Алымбек.

Окуучу да, мугалим да, ата-эне да изденип окушу керек

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылындагы А.Деркембаев атындагы орто мектептин мугалими Миргүл Саргалдаеванын алты баласы бар. Алты баланын төртөө мектеп жашында, экөө бала бакча курагында. Миргүл өзү 2-классты окутат, күндө мектепке келип, видео сабактарды даярдап, телефон аркылуу 18 окуучусуна жөнөтөт. Ал окуучуларынын ата-энелерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди:

— Менин окуучуларым кенже класс болгондон кийин, ата-энелер менен чогуу окуп жатабыз. Бала да, биз да ата-энелерге көз карандыбыз, себеби алар телефон аркылуу өздөрү угуп, билип анан балдарына жеткирип, үй тапшырмаларын аткарууга жардамдашууда. Ал эми менин балдарымды негизинен 10-класста окуган кызым окутуп, үй тапшырмаларын окутуп жатканы мен үчүн кыйла жеңил. Мен бир чети мугалим, бир чети ата-энемин, себеби 2-класста өзүмдүн балам да окуйт, бул кырдаалды өзүмдүн жон терим менен сезип жатам десем да болот. Мугалим катары да, ата-эне катары да айтаарым, балдар салттуу билим алууга эртерээк өтүшсө жакшы болмок, — дейт Миргүл айым.

Тоң районундагы Кажы-Сай айылындагы С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиянын башталгыч класстарынын усулдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Абдиеванын пикиринде, мугалимдер телефонго байланып калышты.

— Мугалимдер өзүбүз да телефонго байланып иштеп жатабыз. Мектепке барып сабагыбызды кызыктуу, көркөм даярдоого аракеттенип, аны видеого түшүрөбүз да, андан соң окуучуларга жөнөтөбүз. Аралыктан окутуу ыкмасы бизде утурумдук чара болуп жатканын баарыбыз эле туура түшүнүп кабыл алуудабыз. Ата-энелер да колдорунан келген жардамдарын аяшпайт, бирок тилекке каршы, ар бир үйдө телефон, телевизор саны жетишсиз, интернет байланышы дайыма эле талаптагыдай боло бербейт. Азыр анын үстүнө айыл жеринде күзгү талаа жумуштары күчөп жатпайбы, талаа иштеринде балдар негизги күч экени жашыруун эмес. Биз ага карабай ата-энелерге кайрылып: “Тапшырманы жибергиле, балдарды көзөмөлдөгүлө” деп талап коюп жатабыз. Балдар өз алдынча изденбей, үй иштерин бири-биринен көчүргөн учурлар да кездешүүдө. Телефон менен иштөөдө мугалимдин да, окуучулардын да ишмердүүлүгү жоголуп баратат, өз колу менен жазышса, иш жугумдуу болмок.

Аралыктан окутуу тажрыйбасы окуучулар эле эмес, мугалимдер да, а түгүл ата-энелер да изденип окуп, ар тараптуу билим алышы керек экендигин көзгө сайып көргөздү, — дейт усулдук бирикменин жетекчиси Чынара Абдиева.

Максатка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги педагогдорго аралыктан окутууну уюштуруу методдорун окутуп, педагогдор аралыктан билим куржунуна керектүү маалыматтарды топтой алышты.

Билим берүүнүн негизги каарманы – мугалим экени талашсыз. Заманбап мугалим учурдагы педагогикалык жана технологиялык талаптарга жооп берген кесипкөй адис болууга тийиш.

Бизге жеткен маалымат боюнча, Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө түзүлгөн эпидемиялык кырдаалда окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун камсыздоо жана 2020-2021-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү программасын аткарууга даярдык көрүү максатында, 5-августтан 25-августка чейин өлкөнүн билим берүү уюмдарында “Санарип мугалим” деген аталыштагы бир айлык жарыялаган эле. Анын алкагында, республиканын педагогдору тематикалуу вебинарларга катышып, усулдук жардамдарды алышты.

Билим фундаменти башталгыч класстан түптөлөт

Сузак районунун Кызыл-Теңир айылындагы №31 Рыскулбек Чанаков орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Нуржан Исакованын айтымында, аралыктан окутуу санариптештирүүнү турмушка ашырууга зор жардамын тийгизди.

— Аралыктан окутуунун теориясы жеткиликтүү боло элек кезде, практикалык жагын чукул арада өздөштүрүп кете алдык. Мугалимдер аралыктан байланышып, бири-бири менен тажрыйба бөлүшүп, техниканы өздөштүрүп, сайттардан маалымат издеп табууну үйрөндү. Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүү системасын санариптештирип, маалыматтарды алуунун ыкчамдыгын камсыз кылуу максатында, бардык деңгээлдерин камтыган бирдиктүү базаны – Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүп берди. Изденип иштейм деген мугалимге бул өтө чоң жардам. Мындай жардамдардан ата-энелер да четте калышкан жок. Алар мугалимдер менен тыгыз карым-катнашта болушуп, билбегендерин сурап, түшүнүп анан балдарына жеткирип жатышты. Биз мында кыйла жыл изденип ишке ашыра албай келаткан мугалим-мектеп-ата-эне союзун түзө алдык деп эсептейм.

Ата-энелер балдарды окутуу жеке эле мугалимдердин милдети эмес экендигин, үйдө да баланы кошумча окутуу зарылдыгын сезишти, ошону менен бирге алар мугалимдерге, мектепке көз караштары өзгөрдү. Бул да болсо биздин даражабызды жогорулатты деп ойлойм.

Ошол эле учурда терс жактары да болбой койгон жок. Мисалы, биз башталгыч класстын мугалимибиз, биз окуучулардын жүздөрүн көрүп, колуна калем сабын карматып, керек болсо баштарынан сылап окутуп көнгөнбүз. Ал эми үйдө абал башкачараак. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ата-энелерге кайрылгым келет, балдарынын үй тапшырмаларын даярдаткан учурда өтө этият мамиледе болуңуздар. Интернет булактарынан кээ бир ата-энелер үйлөрүндө кыйкырык-сүрөөн, ур-токмокко алып окутуп жатышканы жарыяланып калып жүрөт. Балдарды күчкө салып окутууга жол берилбейт, андай ыкмадан кийин балдардын окуудан көңүлү кайт болуп калышы ыктымал. Эми мындан ары кырдаал турукташып, мурдагыдай шартта окуу процесси башталгыча баарыбыз бир командада, биримдикте балдарыбызга билим-тарбия берүүнү уланта беришибиз керек, — дейт Нуржан Исакова.

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ: АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА АЗАБЫ

Балдарыбыз баш болуп телефонго байланып калдыкпы?

Ата-энелер балдарына байланыш технологиялары менен камсыздоо аракетин көрүп, заманбап байланыш каражаттарын алып беришүүдө. Кызы мектепте окуган энелердин бири Айнура, ата-энелердин көбү буга аргасыздыктан барып жатышканын айтат.

— Балдарыбыз менен бирге өзүбүз да баш отубуз менен телефонго байланып калдык. Телефонго бирдик жүктөө, wi-fi роутерлерин сатып алуу, айтор, көп эле чыгымдарга дуушар болуп жатабыз. Иштөө жөндөмдүүлүгү жогору телефон сатып бербесек, мугалимдердин жиберген сабактары ачылбайт. Ошондой мүмкүнчүлүктөрү кеңири телефондорду алып берсек, балдарыбыз окууга эмес, оюнга көбүрөөк алаксып кетип жатышат. Балдардын оюндарга көз карандылыгы күчөп баратат, бул да өзүнчө чоң көйгөй экенин эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Көпчүлүк ата-энелер, айрыкча, жаштар смаортфондорду балдарын алаксытуучу каражат катары көрүшүүдө. Балдардын келечегин айтпай эле коеюн, психологиясы, ден соолугу кандай болот? Айылдарда кол арага жараган балдарды талаа жумуштарына жумшап, күнүмдүк тыйын таап келгенине кубанабыз, шаар жергесинде телефон тиктеп үйдө тынч отурганына шүгүр дейбиз. Балдарыбыз мурда мектепке барып, теңтуштары менен ойноп, сүйлөшүп дегендей, энергияларын сыртка чыгарып алышчу, азыркы шартта үйдө өз алдынча отурган бала депрессияга учурашы да мүмкүн. Кандай болгон күндө да, ата-эне үйдөгү баласынын окуусу менен бирге психологиялык абалына да кылдат көз салып турушу кажет, — дейт эне, балдардын ден соолугуна тынчсызданып.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер