АР БИР ЖОСУН АР КИМИБИЗГЕ САБАК БОЛУУГА ТИЙИШ
- 04.12.2024
- 0
«Балжууран балалык» деп бекеринен айтылбаса керек, чынында эле балдар бакубат келечегибиз, эң аялуу муунубуз болуп саналат. Баарыбызды жашартып турган дагы, ордубузду басчулар дагы, өлкө келечеги дагы – дал ушул балдар. Алардын ар бири биздин колдообузга, коргообузга, камкордубузга муктаж. Мындай изги тилек ар дайым ар жарандын, айрыкча ата-энелер менен камкорчулардын, мугалимдер менен тарбиячылардын көӊүл чордонунда турушу керек эле.
Өнүгүп-өсүүнү тилек кылган ар коомчулуктун, ар элдин, ар мамлекеттин эгемендик бедели, саясий эрки, экономикалык күч-кубаты, социалдык адилеттүүлүгү, бирдиктүү коом катары жашоо-турмушу калктын эң аялуу катмарына, тагыраак айтканда, балдар менен жаштарга, кары-картаңдар менен майыптарга жасаган камкордугуна жараша бааланары бышык. А бирок…
Бирок, такай эле андай боло бербейт экен. Бу жолу да ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊди окшойт, кечээ эле Сузактагы Багыш айыл аймагында жайгашкан «Кенжетай» бала бакчасынын тарбиячысы кенедей баланы чыркырата сабап жаткан видеотасма чагылгандай тарап, караламан калктын нааразычылыгын жаратууда. Ага улай, 3-декабрь күнү Майлуу-Суу шаарынын ИИБине жергиликтүү бир тургун аялын тепкилеп үйдөн кууп чыккан соӊ, 5 жашар кызына зомбулук көрсөтүп жаткан видеотасма келип түштү. Азыр ал зөөкүр камакка алынып, сурак берүүдө.
Мындай кыйчалыш абалга чындап тынчсызданган билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жоболоӊдуу окуяга жол берген кызмат адамдарына карата тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. «Кенедей баланы сабап жаткан немени тарбиячы дегенге да ооз барбайт. Бул окуяны укук коргоо органдары териштирүүдө, анын жыйынтыгында тийиштүү чаралар көрүлөт деген ойдомун. Албетте, баланы сабаган кызматчы мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эми ушундай адамды жумушка алган бала бакчанын башчысы кызматынан бошотулат», — деп, ал ата-энелерди бала бакчалар менен мектептердеги зордук-зомбулуктар жөнүндө өз учурунда маалымдап турууга чакырды.
Буга чейин деле мындан да жаман жоболоӊдуу жосундар менен каргашалуу окуялар болгон, жамы журттун нааразычылыгын туудуруп, тиешелүү адамдар жазасын алган. Кыязы, ал айрым адамдарга сабак болгон эмес окшойт. Ырас, азыр көп нерсеге шаабыз жетпей турганы чын. Ошого карабастан, адамзаттын эң аялуу чүрпөсүн бактылуу балалыктын баё дүйнөсүнөн ажыратпай асыроо баарыбыздын башкы милдетибиз бойдон кала берет. Балдарыбызга кам көрүп, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачылышыбыз зарыл. Ансыз болбойт.
Эске салсак, Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча конвенцияга кошулуу менен, өзүнө балдарды коргоо жаатында бир катар милдеттенмелерди алган. Дүйнөдө бири-бирине сатуу, оор жумуштарга чегүү, жазыксыз өлтүрүү сындуу зомбулуктан жапа чеккен балдар арбын. Бала кичине жана алсыз, ал ар дайым коргоого жана колдоого муктаж. Ошондон улам БУУ Ассамблеясы Балдардын укуктарын коргоо боюнча өзүнчө жана өзгөчө документ кабыл алган.
БУУ Конвенциясына улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү максатында, бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилип, бир топ ченемдик укук актылары иштелип чыккан. Алардын баары Кыргызстан тараптан кынтыксыз аткарылууга тийиш.
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер