АР БИР ӨЛКӨДӨ БИЛИМ БЕРҮҮ СУВЕРЕНИТЕТИ БОЛУШУ КЕРЕК

  • 16.05.2024
  • 0

Кыргызстан өзүнүн келечегин өзү түзүп, билим берүү системасынын багытын өзү аныктоого тийиш. Мындай пикирин Финляндиядан келген атактуу педагог Ари Покка “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин бет ачарында билдирди.

Педагог китепте мектепти ийгиликтүү уюштуруп, башкаруу сырларын айтып берген.

– Мен бул жакка келе жатканда Финляндиянын билим берүү системасын көчүрүп келемби деп ойлондум, бирок Кыргызстан сонун мамлекет, өзүнүн билим берүү багыты бар, жөн гана өзүмдүн пикирим, тажрыйбам менен гана бөлүшөйүн деп чечтим. Кыргызстан өзүнүн келечегин өзү түзүп, билим берүү системасынын багытын өзү аныкташ керек, – деди Ари Покка.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да катышып, китепти билим берүү тармагында иштеген адистерге сунуштады.

– Турмуштук практикага таянган, дүйнөлүк билим берүү системасындагы китептин кыргыз тилинде жеткиликтүү болушу абдан кубандырат. Китепте мектеп директорунун жоопкерчилиги жана милдети бардык жерде бирдей экендиги, ошондой эле мыкты ийгиликтердин жаратуучусу жетекчи экендиги белгиленген. Мага өзгөчө жакканы, ар бир өлкөдө билим берүү суверенитети болушу керек дегени. Бул тарыхый, маданий мурас. Ошон үчүн биз “Алтын казык” деген жаңы трансформациялоо программасын киргизип жатабыз. Ошол баалуулугубуз жок болсо шамалдай болуп жел шардын ичиндегидей батыштыкы, чыгыштыкы же дагы бир өлкөнүкү деп артка кете беребиз. Биз ар бир өлкөнүн өзүнүн улуттук билим берүү суверенитетине басым коёбуз. Ал өзүнүн тарыхый, маданий мурастары менен бааланышы керек, – деди министр.

Ал өз сөзүндө биз үчүн бир баланын жетишкендиги эмес, жалпы балдардын, мектептин ийгилиги өтө баалуу экендигин кошумчалады.

Ари Покканын “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китеби Bugupress басма үйү тарабынан кыргыз тилине которулуп, басылып чыкты.

Ари Покка — финляндиялык жазуучу жана билим берүү тармагындагы эксперт. Ал бир нече өлкөлөрдүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө жооптуу адис жана Эл аралык мектеп мүдүрлөрү ассоциациясынын жетекчиси.

Элвира КАКИЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер