АР БИР БАЛАНЫ ТӨРТ КЫРДУУ ОКУТУП-ТАРБИЯЛОО КЕРЕК

  • 06.04.2022
  • 0

Республикада кесиптик окуу жайлары көбөйтүлөт. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бул тууралуу пикирин баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгындагы кесиптик окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушууда билдирди.

Баштапкы кесиптик билим берүү эң негизги тармак болуп эсептелет. Андыктан кесиптик окуу жайларын көбөйтүп, жакын жайгашкан мектептердин балдарын кесипке окутууну колго алуу керек.

— Окутуунун жаңы моделинде бир баланы төрт кырдуу окутуп-тарбиялоо талабы камтылат. Ал — сапаттуу билим, спорт, маданият жана кесип. Мына ушул багытта тарбия иштери үзгүлтүксүз жүрүшү үчүн кесиптик лицейлер мектептер менен тыгыз байланышууну колго алуу керек, — деди министр.

Министр чукул жайгашкан мектептердин балдарын кесипке окутуу, мугалимдердин жана устаттардын квалификацияларын жогорулатуу, кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн ваучердик механизмди киргизүү жана атаандаштыкты өнүктүрүүчү жеке провайдерлерди тартуу боюнча ой-сунуштарын ортого салды.

— Окуу жайларында киреше алып келүүчү ишкерликтерди жүргүзүүгө шарттар түзүлөт. Бардык табылган кирешеңерди банктарда сактап, айландырып, өнүктүрүп, өстүргүлө. Мыкты устат конкурстарын уюштуралы. Адамдын жаш курагына карабай, кесипке үйрөтүү, окутуу зарыл. Аларды кызыктыруу үчүн ар кандай жеңил жолдорун сунуштаса болот. Мисалы, окуу мөөнөтүн эки жылдыкка түшүрүү сунушу айтылып жатат. Биз окуучуну канчалык көбүрөөк окутсак, акча ошончолук көбүрөөк түшөт деген системадан чыгалы. Бир кесипти ачып коюп жүрө бербей, коомго кереги жок кесиптерди жабалы. Биз эмгек рыногуна карап ыкчам өнүгүүгө тийишпиз. Региондордун талаптарына жараша кесиптин түрлөрүн ачуу керек. Ал үчүн кесипкөй, иштин көзүн билген адистерди аныктап, сүйлөшүп кошумча акы төлөө менен устаттыкка  кабыл алгыла да, кесипке сапаттуу үйрөтүүгө көңүл бөлгүлө”, — деди Бейшеналиев.

Министр өзүнүн сөзүндө окууга онлайн система менен кабыл алуу, электрондук журналдарды киргизүү б.а. санариптештирүүгө өтүү бүгүнкү күндүн олуттуу талабы экендигин баса белгиледи.

— Ар бир жетекчи, ар бир адис менеджер болушу шарт. Жаңыланууну турмуш өзү талап кылууда. Материалдык-техникалык базаларга инвентаризация жүргүзүү менен керексиз, ашыкча нерселерден арылып, жаңыланалы. Валидация сертификациялоо борборун куралы деп жатабыз. Ар бир окуу жайы валидацияны пайдаланууга тийиш, — деди ал.

Жолугушууда баштапкы кесиптик окуу жайларынын жетекчилери кесипке үйрөтүү үчүн лицензия алуу, тендер, кесиптерди ачуу, билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдөн баштап, окуу жайлардын имараттарынын эскилиги, материалдык-техникалык базаларынын жупунулугу сыяктуу ж.б. көйгөйлөрүн ортого салышты.

 

Эгемберди УСУПОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер