АПЫШ АГАЙДЫН КӨӨНӨРБӨС МУРАСЫ

  • 27.01.2024
  • 0

Эстутум

 Өмүрүнүн элүү жылын жеткинчектерге билим берүүгө арнап, “ар тараптан өнүккөн жаңы адамды окутуу менен тарбиялоонун башаты башталгыч класстарда” деп өзү айткандай, элине эбегейсиз эмгек өтөп, өз доорунда Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына татыган Апыш КОЙЧУМАНОВ агайыбыз жөнүндө азыноолак айтып берели.

Апыш Койчуманов 1923-жылы Ат-Башы районундагы Чар аймагында жарык дүйнөгө келген. 1931-жылдан тарта ошол айылдык Ысмайыл Алыбаев деген адамдан билим алган. Ар нерсеге дилгир, зээндүү бала бат эле кат сабатын жоюп, окуунун алдыңкысы болот. 1937-1938-жылдары райондо мугалим жетишсиз болгондуктан, Каракол шаарына мугалимдик алты айлык курска окууга жиберилет. 1939-жылдан баштап өзү окуган Кызыл-Дыйкан орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштайт. 1941-жылы Улуу Ата мекендик согуш башталганда майданга жөнөтүлөт. Апыш Койчуманов экинчи дүйнөлүк согушка баштан-аяк катышып, 1945-жылы өз жерине кайтып келип, мугалимдик кесибин уланткан. 1950-1978-жылдарда башталгыч класстын мугалими болуп талыкпай иштеп, көп тажрыйба топтогон.

Апыш агай агартуучулук менен бирге өз тажрыйбасын кеңири жайылтуу үчүн гезит-журналдарга макалаларды да жазып турган. Ал “Балага үйрөтүүдөн мурун, мугалим өзү төмөнкүлөрдү үйрөнүүсү керек” деген макаласында мындай дейт: “Биринчи мугалим баланы толук үйрөнүп, анын кулк-мүнөзүн, эмнеге шыктуу экенин билүүсү зарыл. Ата-энесинин балага кимисинин таасири күчтүү экенин аныктап, жаш балага туура мамиле кылганда гана терең билим берүүгө мүмкүн”. Ал эми “Мектептен балага канча айтсаӊ да, ата-эне менен бир пикирде болбосоң, берген билимиң текке кетет”, — деген оюн 1976-жылы 15-апрелде телекөрсөтүүгө катышканда айткан.

Көрсө, азыркы учурдагы коомчулукта кеңири кулач жайып жаткан энелер мектебине үндөш ойлорун Апыш агай мындан 50 жыл мурда эле айткан экен. А. Койчуманов райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарында көптөгөн лекция, докладдарды окуган. Алардын биринде башталгыч класстан баштап эле көрсөтмө куралдардын канчалык маанилүү экендигин далилдеп берген. Көрсөтмө курал ооз эки эсептөөдө, жазуу жүзүндө иштөөдө окуучунун жеңил иштөөсүнө шарт түзүү менен ой, кыялын өстүрүүгө жардам берээрин жана логикалык оюн түшүнүктүү кылып баяндоого жардам берээрин белгилеген. Апыш Койчуманов ошол учурда 6000ден ашык көрсөтмө куралды өз колу менен жасаганы даңазаланган. Ушундай талыкпаган эмгегинин негизинде “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу болгон.

Апыш агай “Нарын правдасы” гезитине 1979-жылы 18-майда чыккан “Кесипти кеңешип тандасак” деген макаласында балдарды кесипке багыттоо жөнүндө мындай пикирин билдирген: “Биз, педагогдор, ата-энелер менен кеңешип, окуучуга тарбия берүүнү келечектеги кесипке багыт берүү менен жүргүзө алсак, окуучулар турмушта кыйналышпайт. Ар бири жөндөмүнө, шыгына жараша кесип ээси болсо, турмуштан өз ордун таба алат. Бул учурда күчтүү тарбия берүүчүлөр баланын ата-энеси, алар кесипке жаңы багыт алып жаткан балдардын кызыгуусу жөнүндө мугалим менен бирдикте иш алып барса, жакшы натыйжа чыгаар эле”. Бул маселе азыркы азыр да орчундуу.

Карапайым жөнөкөй мугалим, өз элинин сыймыктуу уулу Апыш Койчуманов 1978-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамына татыган. Бул наам жеке эле агай үчүн эмес, жалпы мугалимдер үчүн да зор сыймык болгон. Агайдын методикалык сунуштары, тажрыйбасы учурунда басма сөз беттеринде 19 жолу басылып, 12 жолу теле көрсөтүү аркылуу айтылып, өзү 9 жолу республикалык педкеңешмелерге катышкан.

1987-жылы Кызыл-Дыйкан орто мектебине Апыш Койчумановдун ысмы ыйгарылып, 1997-жылы мектепте агайдын атындагы музей ачылып, ал ушул күнгө чейин иштеп келүүдө. Музейде агайдын эмгектери, алган сыйлыктары жана көрсөтмө куралдары сакталып турат.

Апыш агай өзү да 9 балага татыктуу тарбия берген ата болгон. 1984-жылы ал жол кырсыгынан көз жумган. Өзүнүн атын алып жүргөн мектептеги алдыңкы мугалимдерге жана окуучуларга балдары тарабынан мезгили менен стипендия берилип келет. 2023-жылы агайдын 100 жылдыгына карата “Көрсөтмө куралдарды колдонуунун технологиясы” аталыштагы конкурс өткөрүлүп, ага Нарын облусундагы бардык мугалимдер ага катышты. Конкурстун жеңүүчүлөрү Апыш агайдын элеси түшүрүлгөн медалдар менен сыйланышты. 2023-жылы белгиленген А. Койчумановдун 100 жылдык мааракесине карата Ак-Моюн айылынын бир көчөсүнө агайдын ысмы ыйгарылып, ал көчө толугу менен жарыктандырылды.

Учурда Апыш Койчуманов атындагы орто мектепте 35 мугалим эмгектенип, 418 окуучу билим алып жатат.

 

Чолпон КАПАЕВА, Апыш Койчуманов атындагы орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими. Ат-Башы району

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер