АНГЛИС ТИЛИНДЕГИ МАКАЛА СЫНАГЫ
- 17.01.2025
- 0
“Лингва” коомдук фонду – жогорку жайдагы англис тили мугалимдери үчүн сынак жарыялайт.
Сынак жогорку окуу жайлардын Кыргыз Республикасынын жараны болгон англис тили окутуучулары жана магистратура менен бакалавр программасынын студенттери (педагогикалык практикасы али баштала элек магистранттар) үчүн өткөрүлөт.
Катышуу үчүн окутуу тажрыйбаңызга негизделген оригиналдуу академиялык макала тапшырууңуз керек.
Сунушталган темалар:
- Англис тилин чет тили катары үйрөнүүдө коммуникативдик компетенцияны өздөштүрүү;
- Дифференциалдуу окутуу: англис тили сабактарында ар бир окуучунун жеке муктаждыктарына ылайык окутуу ыкмаларын тандоо;
- Англис тили сабактарында сынчыл ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрүн өркүндөтүү.
Ошондой эле өзүңүздүн кызыккан башка теманы сунуштасаңыз да болот. Бирок макалаңыздын темасы англис тилин чет тили катары окутуу методикасына байланыштуу болушу керек.
Эскертүү: Бардык макалалар плагиатка текшерилет.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн макалалары “Англис тили мугалимдеринин тегерек үстөлү” журналынын атайын чыгарылышында жарыяланат.
Макала тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2024-жылдын 25-февралы
Сынактык макаланын сапаты боюнча критерийлер менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемедеги документке кайрылсаңыз болот:
Баалоо критерийлери.
Макаланын жалпы форматы:
- Макалаңыз Word документинде терилип, тиркеме катары [email protected] дарегине жөнөтүлүшү керек. Каттын темасында “Article Competition_Аты-жөнүңүз” деп жазуу зарыл (мисалы: Article Competition_Мунара Ибраимова).
- Макала терүүдө 12-чоңдуктагы Times New Roman, 11-чоңдуктагы Calibri же 11-чоңдуктагы Arial шрифтерин колдонуп, текстти 1,5 аралыкта жайгаштырыңыз.
Документте төмөнкү маалыматтар камтылышы шарт:
- Автордун аты-жөнү;
- Автордун иштеген же окуган жери жана жайгашкан жери;
- Автордун электрондук почта дареги;
- Автордун уюлдук телефон номери.
- Макала төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- көлөмү 1000 сөздөн кем эмес болушу керек;
- макалада тема, аннотация, негизги мазмун жана колдонулган адабияттардын тизмеси камтылышы шарт.
Макаланын структурасы, шилтемелердин колдонулушу жана адабияттар тизмесин түзүү боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемелерге кайрылсаңыз болот:
- http://journal.vak.kg/1-2/dlya-avtorov/
- https://owl.purdue.edu/owl/research_and_citation/apa_style/apa_formatting_and_style_guide/in_text_citations_the_basics.html
- Сиздин автордук эмес сүрөттөрдү колдонууда автордук укуктарды сактоону унутпаңыз.
Сынак КР Билим берүү жана илим министирлиги жана АКШ элчилигинин колдоосу менен өтөт.
Комментарийлер