АНГЛИС ТИЛИ САБАГЫНЫН АЙЫ

  • 12.02.2025
  • 0

Бекназар атындагы орто мектебинде Англис тили жумалыгы башталды. Бул жумалык — англис тилин үйрөнүү боюнча билим алуу процесси үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул демилге окуучуларга англис тилин тереңирээк үйрөнүүгө, анын маданияты, тарыхы жана эң башкысы — күнүмдүк жашоодо колдонуу ыкмалары менен таанышуусуна жол ачат.

АНГЛИС ТИЛИ САБАГЫНЫН АЙЫ

Англис тили дүйнө жүзүндө эң кеңири колдонулган тил болуп саналат жана ал бизге бүтүндөй дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондуктан, англис тилин үйрөнүү – бул глобалдык мүмкүнчүлүктөрдү ачуу дегенди түшүндүрөт.

АНГЛИС ТИЛИ САБАГЫНЫН АЙЫ

Маалыматка ылайык, жумалыктын максаты — окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун арттырып, аларга жаңы билимдерди берүү, ошондой эле англис тилин өзүнчө бир дүйнө катары түшүнүүгө жардам берүү.

АНГЛИС ТИЛИ САБАГЫНЫН АЙЫ

Бүгүнкү күндө англис тили, анын грамматикасы, лексикасы жана сөздөрү аркылуу окуучулар өз ара байланыш түзүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан келген адамдар менен тил табыша алат.  Конкурстар, театралдык көрсөтүүлөр жана интерактивдүү сабактар англис тилин үйрөнүү менен кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө шарт түзөт.

Бул жумалык англис тилин үйрөнүү жолундагы чоң кадам жана бул иштердин бардыгы ар бири окуучу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

АНГЛИС ТИЛИ САБАГЫНЫН АЙЫ

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер