АНДРЕА БАНЬОЛИ: КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ИШКЕ АШЫРЫЛЫП ЖАТКАН ПРОГРАММА ЭФФЕКТИВДҮҮ ЖАНА ТУРУКТУУ

  • 11.11.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз Республикасында мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу боюнча БУУ ДАП менен чогуу жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Министр Андреа Баньоли мырзага БУУ ДАП тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу иштерин улантып жатканын белгиледи.

Андреа Баньоли БУУ ДАП КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз кызматташууга кызыктар экенин айтты. Ошондой эле, Баньоли мырза туура тамактануу боюнча долбоорлор ишке ашып жаткан 60 өлкөнүн ичинен КР ББИМ менен жүргүзүлүп жаткан программа өзүн эффективдүү жана туруктуу катары көрсөтө алганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КРнын түштүгүндө логистикалык борбор ачууну тездетүүнү макулдашышты. Борбор жергиликтүү мектептерди жергиликтүү дыйкандардын азык-түлүктөрү менен камсыздайт жана азык-түлүктүн сапатын көзөмөлдөйт. Муктаждык жаралса, логистикалык борбор тамак даярдап, аны ашканасы жок же окуучуларды тамак менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү жок мектептерге жеткирет.

Мындан тышкары, Бишкекте тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн окуу борборун ачуу макулдашылды. Алмашуу мектеп окуучуларын тамак менен камсыз кылуу программасы ишке ашырылып жаткан башка өлкөлөр менен да жүрөт.

Бүгүнкү күндө БУУ ДАП жана Россия Федерациясынын Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен 700 мектепте ысык тамак берилүүдө. 1400дөн ашык (болжол менен КРдагы мектептердин 60%) мектептер башталгыч класстар үчүн нан менен чайды ысык тамакка алмаштырды. Башталгыч класстагы 145000 окуучуга жакшыртылган мектептик тамак берилүүдө. Ошондой эле, ЖӨБ колдоосу менен 700дөн ашык мектепте тамак-аш блоктору жана коммуникациялар оңдолгон.

Азык-түлүк программасынын алкагында мектептердеги 1000ден ашык ашпозчу мектеп тамак-ашын даярдоо технологиясы, санитария, гигиена жана коопсуздук боюнча атайын даярдыктан өтүштү. Ашпозчу жана ашкана кызматкерлери үчүн 3000ден ашык штаттык орун ачылды.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер