АМЕРИКА ЫР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ YOUTUBE ТҮЗ ЭФИР БЕРҮҮСҮНДӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 21.11.2020
  • 0

Кыргызстандын ар бурчунан келген 700 окуучу менен жарышка чыккан 2020-жылкы Америка ыр сынагынын жеңүүчүлөрү Билим берүү министрлигинин кызматкери, чебер ырчы Мирбек Атабеков, америкалык Хэнхаус Праулэрз тобунун аткаруучусу Бэн Райт жана АКШ элчилигинин кызматкеринен түзүлгөн жюри тарабынан жума күнү, 20-ноябрда орун алган YouTube түз эфир берүүсүндө аныкталышты.

Нурайым Нургазиева университеттер арасындагы конкурстун башкы байгесин утту. Ал Токмоктогу Борбордук Азиядагы Эл аралык Университетинин 2-курстун студенти, “I Got You (I Feel Good)” Джеймс Браундун ырын аткарды. “Мен бул кереметке дагы эле ишене албай жатам, сөз менен бардык эмоцияларымды билдирүү өтө кыйын”, — дейт Нурайым. “Америка ыр 2020 сынагын жеңип сахнага чыгуу мен үчүн ишенилгис мүмкүнчүлүк. Сынак уюштуруучуларына жана мени колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Бир нерсе айтаар элем, жаңы ишке аттануудан эч качан коркпоңуздар, жана ар дайым кыялдарыңызды көздөңүздөр!”

Университеттер арасындагы конкурстун экинчи ордун жеңген Айзана Усупбаева Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америка университетинин 2-курстун окуучусу Алисия Кейстин “Fallin” аттуу ырын аткарды жана жеңиши тууралуу төмөнкү сөздөрдү айтты: “Менин атым аталганда мен бактылуулуктун жеткен чегине жеттим. Америка ыр сынагына катышканыма абдан кубанып жатам анткени менин музыкалык карьерам үчүн табылгыс тажрыйба тартуулады. Бул сынактын таланттууларга өздөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип уланышын каалайм.

Изат Замирбек кызы айтат: “Үчүнчү орунду алганыма бактылуумун, мени азыр эмоцияларым каптап жатат. Бул мүмкүнчүлүктү тартуулагандыктары үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем!” Изат Токмоктогу Борбордук Азиядагы

Эл аралык Университетинин 4-курстун студенти, ал Элвис Преслинин “Jailhouse Rock” аттуу ырын аткарды.

Мектептер арасындагы сынакта 1-орунду ээлеген Айдана Нурланова Бишкектеги 29-гимназия мектебинин 11-класстын окуучусу. Ал Фрэнк Синатранын “Fly Me to the Moon” аттуу ырын аткарды. Жеңишке жеткени тууралуу укканда Айдана “Бул ыр сынагында катышуу мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Ырдап жатканымда өзүмдү чыныгы ырчы сездим. Абдан бактылуумун. Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Уланса Төлөбек кызы “This is Me” аттуу ыр менен 2-орунду ээледи. Үчүнчү орунду Нарын шаарынын Чкалов атындагы 2-мектептин 11-класстын окуучусу Айжамал Мукашова жеңди. Ал Фрэнки Валлинин “Can’t Take My Eyes off You” аттуу ырын аткарды.

2014-жылдан тарта АКШ элчилиги жыл сайын Sun People уюму менен биргеликте Америка ыр сынагын уюштуруп келет. Бул сынак АКШлык чеберлердин ырларын аткаруу аркылуу жогорку окуу жайлар жана орто мектеп окуучуларынын Англис тил шыгын өрчүтүүгө жана Кошмо Штаттарынын өнөрчүлүгү жана маданияты жөнүндө көбүрөөк маалымат алууларына мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жылдын сынагы аткаруучу окуучулардын ырларын видео түрүндө көрсөткөн алгачкы виртуалдык форматта өткөн сынак болду. Катышуучуларды, калыстар тобун жана техникалык жамаатты пандемиядан коргоо максатында катышуучулар ырларын жогорку сапаттагы видео форматта жаздырышып жюриге жана Кыргыз Республикасынын ар жериндеги катышуучулары үчүн көрсөтүшкөн. Калыстар тобу Кыргыз Республикасынын жана АКШнын ар кайсы жеринен Интернет аркылуу катышуучулардын аткарууларын көрүп аларга баа берди.

2020-ж Америка ыр сынагынын жаздырылган тасмасы Америка ыр сынагынын YouTube каналында бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер