АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН АКЫНДЫК ЭРДИГИ
- 25.12.2024
- 0
Ушундай аталышта көрүнүктүү педагог окумуштуу, Кыргыз эл жазуучусу, адабиятчы аалым, публицист, акын, профессор Советбек БАЙГАЗИЕВДИН жаңы китеби жарыкка чыкты. Китептин тушоо кесүү аземи борборубуздагы акындын ысымын алып жүргөн №68 мектепте өттү. Кечеге белгилүү Алыкул таануучулар, окумуштуулар, мугалимдер, окуучулар катышты.
Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы боюнча адабият таанууда көптөн бери дымып, токтоп калган илим-изилдөө ишин кайрадан жандандырган С.Байгазиевдин бул китебине классик акындын поэзиясына бир катар орчундуу концептуалдуу көз караштар айтылган. Алыкулдун акындык көркөм ачылыштары 1930-40-жылдардагы тарыхый-адабий процесстин контекстинде конкреттүү каралып, акындын поэзияда жасаган эстетикалык секиригин шарттаган факторлор жөнүндө сөз жүрөт. Сынчы, адабиятчынын бул китеби Алыкул таанууга өз бетинче из түшүргөн, үлүш кошкон эмгек болуп саналат. Китеп филология факультетинин окутуучуларына, студенттерине, мектеп мугалимдерине, аспиранттарга, магистранттарга жана жалпы эле окурмандарга арналат.
Кеченин жүрүшүндө №68 Алыкул Осмонов атындагы мектептин окуучулары акындын ырларын жатка жаңылбай окушуп, көрүүчүлөрдү терең ыраазы кылды.
М.КАЙЫПОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер