“АЛТЫН ТҮЙҮН”: КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨ ОКУУЧУЛАРДЫН САПАРЫ

  • 23.05.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык “Алтын Түйүн”  Улуттук Балдардын инженердик-техникалык академиясынын региондордогу филиалдарынын беш окуучусу  Япониянын Илим жана техника  институту тарабынан уюштурулган “Сакура – 2024”  программасы менен Токио шаарында 18-25-майга чейин болушат.

“АЛТЫН ТҮЙҮН”: КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨ ОКУУЧУЛАРДЫН САПАРЫ

Балдарды коштоп жүргөн Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Өмүрканованын берген маалыматына таянсак, жакында эле министрдин орун басары Муратбек Касымалиев Япониянын Илим жана технология агенттиги тарабынан уюштурулган “Сакура — 2024” программасы боюнча Токио шаарына бара турган окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, билим алуунун, чет тилдерин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, сапардан жаңы билим, идея, шыктануулар менен келүүлөрүн  белгилеген.   Ошондой эле министрдин орун басары чет жерде балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырган болчу.

“АЛТЫН ТҮЙҮН”: КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨ ОКУУЧУЛАРДЫН САПАРЫ“АЛТЫН ТҮЙҮН”: КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНӨ ОКУУЧУЛАРДЫН САПАРЫ

— Беш окуучу менен Япониянын Илим жана техника институту тарабынан уюштурулган “Сакура – 2024”  программасынын алкагында Токио шаарында жүрөбүз.  “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын аймактардагы филиалдарынын окуучулары келди. Алар:  Алишер Бейшеналиев  – “Алтын түйүн” УБИТАнын Нарын облусундагы филиалы, Асема Аширбекова – Ош облусунан, Гүлнур Мамасыдыкова  Баткенден,  Санжар Акжолов  Таластан, Бектур Жумагулов  Чүй облусундагы филиалдан. Бул иш-чара бүтүрүүчү класстын окуучуларын келечектеги кесипти туура тандоосуна багыттоо жана окуучулардын  чөйрөдөгү ачылыштарды жасап,  көндүмдөрдү алдыга жылдыруу. Ошондой эле Step by step, STEAM багыттарында  иштерди күчөтүү жана 12 жылдык программанын алкагында Япониянын окуу системасы менен жакындан тааныштырууну көздөйт. Маселен, Япониянын жогорку окуу жайларына өтүү үчүн сөзсүз 12 жылдыкты окуу керек экен, — дейт С.Өмүрканова.

Бүтүрүүчүлөр Токио шаарындагы алдыңкы университеттер, илимий ачылыштардын, Нобель сыйлыгынын ээлери менен жолугуп, инженердик-техникалык музей, академиялар менен таанышууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер