«АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА» БАЙ МЕКТЕП
- 12.07.2023
- 0
Борборубуздагы №26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплекстен быйыл төрт бүтүрүүчү Президенттин колунан «Алтын сертификат» алса, алты алдыңкы окуучу өзгөчө үлгүдөгү «Алтын тамга» күбөлүгүнө татыктуу болду.
Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо сынагында жеңүүчү аталып, №26 француз тилин тереңдетип үйрөтүүчү гимназия-комплекске директор болуп дайындалган агартуу ардагери Чолпонбек Тиленбаевдин да кубанычы тоодой.
— Баары куттуктап акжолтой директор экенсиң деп жатышат. Буга чейин мектепте «Алтын сертификат» алгандар жылына бирден болуптур. Быйылкы көрсөткүчүбүз чындыгында мыкты десек болот. Жалпы көрсөткүчтө №61 мектептен кийинки орунду ээлегенибиз менен, «Алтын тамга» күбөлүгүнө жетишкендерди кошкондо, биз алдыдабыз, — дейт гимназия-комплекстин жаңы жетекчиси.
Маалымат иретинде айта кетсек, быйыл биз сөз кылып жаткан билим берүү мекемесинен 81 окуучу ЖРТ тапшырып, орточо көрсөткүч 175 баллды түздү. Бул, албетте, республика боюнча эң жогорку көрсөткүч! Мектептин жеңиштерин улай 21 окуучу 200дөн ашык балл алган! Эки окуучу (Бебезова жана Большакова) 222 балл алып, «Алтын серификатка» бир балл жетпей калган.
Эмесе, жалпы журтубузду мектептин намысына жарап, ЖРТда «Алтын сертификатка» татыктуу болгон бүтүрүүчүлөр менен тааныштырып коёлу. Алар — Рысбеков Кубат, Булгакова Елизавета, Шарабидинова Айдай жана Зиянгараева Рената. Азыр бул окуучулар өз классынын, мектебинин гана сыймыгы болбостон, борбор шаарыбыздын, республикабыздын да сыймыгы! Гимназия-комплекстен дагы алты бүтүрүүчү — Булгакова Елизавета, Айдай
Шарабидинова, Кыдралиева Арина, Большакова Полина, Бебезова Рамина жана Асанова Элина быйыл «Алтын тамга» өзгөчө үлгүдөгү күбөлүгүнө ээ болушту. Бул да билген адамга билим айдыңындагы зор жеңиш!
Арийне, окуучулардын мындай ийгилигинде мектеп жетекчилигинин, предметтик мугалимдердин, класс жетекчилердин, өзгөчө билимдин пайдубалын түптөгөн башталгыч класстардын мугалимдеринин эмгеги айтып бүткүс. Азыр жайкы эс алуу болгондуктан мугалимдердин дээрлик баарын мектептен таба албайсың. Ошон үчүн бизге телефон аркылуу байланышууга туура келди. Эң биринчи маектешибиз мугалимдер гезитинен экенибизди укканда аябай кубанды.
— Түшкө кирбес окуя болуп жатат. «Кут Билимден» телефон чалып, окуучумдун ийгилиги менен мени куттуктайт деп күткөн эмесмин. Аябай кубанычтамын! Сиздерге чоң рахмат!, – деди толкунданып «Алтын сертификат» ээси Елизавета Булгакованы биринчи класстан тартып төртүнчүгө дейре окуткан мугалими Лариса Геннадьевна Иващенко.
Өмүр бою мектепте үзгүлтүксүз иштеп келаткан тажрыйбалуу педагог өз окуучусу Елизавета жөнүндө ушунчалык берилип айтып берди.
— Елизаветаны кантип унутайын! Мындай билимге дилгир окуучу ата-энесинин эле эмес, мугалимдин да көктөн самап күткөнү! Елизавета эң биринчи күндөн сабактарын «эң жакшы» деген бааларга окуду. Анын ашкере тыкандыгы, тырышчаактыгы, ар бир тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамилеси эсимде калыптыр, – деди Лариса Геннадьевна.
Елизавета Булгакова тууралуу кийинки сөздү биз анын класс жетекчиси Ембулаева Ирина Александровна менен уланттык. Бул класстан эки окуучу: Рысбеков Кубат менен Булгакова Елизавета өлкө бүтүрүүчүлөрү көксөгөн сертификаттын ээси болду. Жылдыздуу класстын куратору да агартуучулук ишинде эсепсиз ийгиликтерге жетишкен мыкты педагог экенин кабарлай кетели. Француз тили мугалими Ирина Ембулаева көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн Кыргызстандагы Франция элчилигинин «Ардак белгиси» күмүш ордени менен сыйланган. Ал 2000-жылы Кыргызстан Сорос фондунун каржылоосунда Францияга тилдик стажировкага барып, кесиптик чеберчилигин жогорулатып келген. Учурда окутуунун жаңы технологиялары боюнча райондук, шаардык семинар-тренингдерге үзгүлтүксүз катышып турат.
— Азыркы окуучулардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен. Интернеттен эле далай нерселерди билип алышат. Аларга билим-тарбия бериш үчүн биз, педагогдор да, тынымсыз билим алып турушубуз керек, – дейт Ирина Александровна.
Сыймыктуу окуучулары тууралуу сураганыбызда:
— Экөөсү тең аябай эмгекчил, жоопкерчиликтүү, ошол эле учурда жөнөкөйлүк сапаттары менен айырмаланып турушат. Ата-энелери да өтө түшүнүктүү, адамгерчиликтүү адамдар, — деп жооп берди.
Мектептеги дагы бир ийгиликтүү окуучу Шарабидинова Айдайдын класс жетекчиси Лариса Александровна Остапенко 11″а»- классын 8-класстан бери жетектеп келиптир.
— Башында билим жагынан класстын жетишкендиктери жакшы эмес болчу. Буга бир жагы пандемия учурундагы онлайн окутуу, экинчи жагынан балдар-кыздардын өткөөл доор курагы терс таасирин тийгизди. Окуучулардын ар бири менен жекеме-жеке иштеп, ата-энелердин тарбиялоо аракеттерин мектепке шайкеш келтирдим. Мага жеңил болгон жок. Бирок өзүңөр билгендей, натыйжасы дурус болду, – дейт тарых мугалими Лариса Александровна.
Анан өз окуучусу Айдай тууралуу маалымат берүүгө шашылды.
— Айдайдын көздөгөн максатынан кайтпаган сонун сапаты бар. Ал абройлуу окуу жайдан билим алып, келечекте Кыргызстанда IT медицинаны өнүктүргүсү келет, – деди педагог.
«Алтын сертификат» ээси Зиянгараева Рената Сан-Францискодогу Минерва университетине кабыл алынганын бизге Ренатанын куратору Харламова Алла Шукурбековна кабарлады. Класс жетекчиси өзү да англис тилинен сабак бергендиктен окуучусунун билим деңгээлин жогору баалады.
— Рената табиятынан көп таланттарга ээ, тилдик туюму таң каларлык өнүккөн окуучу. Мен андан келечекте элдин керегине жараган эң мыкты адис чыгарына ишенем, – деди Алла Шүкүрбековна.
Биз бул күнү мектептеги төрт «Алтын сертификат» ээлеринин бирөөсү менен сүйлөшө алдык. «Келечекте Кыргызстанда эле билим алып, өз өлкөмө кызмат кылам» деген жаш жигит Кубат Рысбеков биздин суроолорубузга эне тилинде такалбай жооп берип жатты. Албетте биз, журналисттер, бүтүрүүчүнүн мекенчилдик сезимин жогору бааладык.
Билимге дилгир окуучу февраль айынан тартып «Секом» борборунда ЖРТга даярдоо курстарынан билим алганын айтат.
— Эң биринчи сынамык тестти 160 баллга тапшырдым. Жетинчисинде 217 балл алдым. Өзүм тесттен 210 балл алам го деп жүргөм, 227 балл алдым. Жеңүүчүлөрдүн арасында болом деп күткөн эмесмин, – дейт бүтүрүүчү.
Келерки жылы ЖРТ тапшыруучуларга кандай кеп-кеңеш берер элең деп сурасак:
— Тестке сөзсүз алдын-ала даярданыш керек. Ансыз болбойт. Мында окуу менен эс алууну айкалыштыра билүү да маанилүү, — деди ал.
ЖРТда жылдызы жанган окуучуну биз да куттуктадык. Угушубузга караганда ал Борбордук Азиядагы Америка университетине акысыз негизде билим алууга өтүптүр.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер