“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

  • 10.07.2024
  • 0

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТБүгүн, 10-июлда  «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин «алтын сертификаттын» ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Анда өлкө жетекчиси  «Алтын сертификат» ээлерине жана жогорку балл алгандарга КР президентинин мактоо грамоталарын жана эстелик белектерин тапшырды.

Быйыл Кыргызстандын мектептеринин 58 бүтүрүүчүсү «Алтын сертификат» менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Бул салтанатка күбө болуп, “Алтын сертификат” алган айрым бүтүрүүчүлөр менен дагы учкай маектештик.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТОш шаарындагы “Олимп”  мектеп- гимназиясынын бүтүрүүчүсү Исабек Сатимбаев ЖРТ тестинен эң мыкты упай алган окуучулардын бирөөсү. Ал 231 упай топтоо менен “Алтын сертификат” ээси аталган.

-Мен быйыл “Олимп” мектеп-гимназиясын быйыл ийгиликтүү аяктадым. Алдыда Кыргызстанда калууну пландап жатам, буюрса, жогорку окуу жайга тапшырууда мага “Алтын сертификат” абдан жакшы жардам берет деп ишенип турам. Мындай жогорку упай алуума билим берген мектеп-гимназиям себепчи. Учурдан пайдаланып, мага билим берген бардык мугалим эже-агайларыма ыраазычылыгымды билдирем!

Кайсы университетти тандоо боюнча толук чечим кабыл ала элекмин. Ал эми кесиптик багытта мени математика илими кызыктырат. Прикаладдык-математика жана информатика багыты боюнча Борбордук Азиядагы Америка Университетине  тапшырсам деп тилек кылып жатам. Келечекте математика мугалими  же математика илимдери боюнча адис болом.

Үй-бүлөм тууралуу айтсам, атам Айбек аскер кызматкери-подполковник. Атамдын кызматына байланыштуу өлкө аймагында жер которулуп, Баткен, Ысык-Көл, Ош облустарында жашадык. Апам Гүлиза Карыбаева кесиби боюнча бухгалтер, Ош шаарында социалдык фонддо иштейт. Алар менин окууга болгон каалоомду милдет катары кабыл албашым керектигин жана сапаттуу билим алуу эмнеге маанилүү экендигин жакшы түшүндүрүшкөн.  Мен 4 бир туугандын экинчисимин. Улуу агам Ош шаарындагы жогорку окуу жайда туризм багыты боюнча билим алууда.  Менден кийин карындашым жана иним мектеп окуучулары.  Мен былтыр математика сабагы боюнча республикалык олимпиадада биринчи орунду алгам. Быйыл башка сабактарга дагы көңүл буруп жатып, республикалык олимпиадада төртүнчү болуп калдым, -деди Исабек Сатимбаев.

Талас шаарындагы “Мээрим” кыздар лицейин бүтүрүүчүсү Эльнура Эркинбекова ЖРТ тестинен эң мыкты упай алган 3 окуучунун бирөөсү. Ал 234 упай топтоп, “Алтын сертификат” ээси аталган. 

-Мен “М“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк  кыздар лицейинде кабыл алуу сынагы аркылуу 100 пайыздык арзандатуу менен окудум. Алдыда Кыргызстанда калууну пландап жатам. Кайсы университетти тандоого толук чечим кабыл ала элекмин. Ал эми кесиптик багытта мени “эл аралык мамилелер” факультети кызыктырууда.  Үй-бүлөм тууралуу айтсам, 3 бир туугандын эң улуусумун. Ата-энем жеке ишкерлер, тигүү тармагында алектенишет.

Менин тажырыйбамда тест тапшырууда толкунданбоо үчүн аны тапшырууга бир күн калганда курбуларым менен бир аз мээбизди сергитип, сейилдеп келгенбиз. Ошондой эле, мен өзүмдү моралдык жактан даярдап, кантип отуруп, кантип тесттеги жоопторду белгилеп жатканымдын баарын элестетип койгом. Өзүмө бул жөн гана тест экенин билдиргем. Мен тест тапшыруу жүрүп жаткан убакытта, андагы көнүгүүлөрдү берилүү менен аткарып жатып, ЖРТ сынагында отурганымды унутуп да коюптурмун. Бардык суроолорду жеңил кабыл алып жаттым. Бактыма жараша, тест учурунда өтө толкунданбаганым да мага жакшы пайдасын берип, жогору упай алдым окшойт.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ— Мен Нурзат Мамырбаева Ош облусуна караштуу Араван районунан болом. “Араван  Билим-Ордо” билим берүү мекемесиненин бүтүрүүчүсүмүн.  ЖРТы жыйынтыгы боюнча  226 балл алдым, бул нерсени күткөн жок элем, бир жыл бою даярданып, жайында онлайн окугам. Сентярь айында окуу жылы башталганда мектептен мугалимдер менен даярдык көргөнмүн. ЖРТда математика жана орус тилине басым жасадым. Тестти орус тилинде тапшырдым. Эч кандай толкундоо болгон жок, себеби мен сыноочу тесттерди мурда жазганмын. Химия сабагы боюнча олимпиадага катышып, райондон биринчи орун алгам. Экономика факультетине тапшырайын деп жатам.Үй-бүлөдө эки бир тууганмын, үйдүн эң кичүүсү мен. Эжем студент болчу, окуусун быйыл аяктады. Мага кеп-кеңештерин берип турду.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТЧүй облусунун А.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эсентур Асанкулов ЖРТда 226 балл топтоп, “Алтын сертификатка” ээ болгондордун бири.

— Мен эч кандай курстарга барып даярданган жокмун, болгону мектептеги эжей агайлардан консультация алып, китепканада Алим досум менен бирге математикадан даярдык көрдүк. Каякка тапшырарым тууралуу мен дагы деле ойлонуп жатам. Бирок, мен сөзсүз “Алтын сертификатты” колдоном. Мен IT багытын тандаймын. Ата-энем жеке компанияларда иштейт, улуу байкем жана эжем бар, мен үйдүн кичүүсү болом.Экөө тең жогорку окуу жайларды бүтүп, иштеп жатышат,-дейт Эсентур.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ— Мен Шерболот Абдимиталипов  Ош шаарындагы “Олимп” мектеп гимназиясынын аяктадым. Ата журтум Өзгөн районунун Куршаб айылынан болот, 4 жашымда Ош шаарына көчүп келгенбиз. 9-классты аяктап, жеке мектепте билим алгам, ошол мектеп жамаатына терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. “Грамотей” мектебинен 10-класста биз “Олимп” мектеп гимназиясына которулганбыз, класс жетекчибиз Миргүл Жаныбековна бизге жардам берген, ага да чоң ыраазычылык билдире кетмекмин.

ЖРТга мектептен даярдашты, эки-үч даярдоочу курстарга барсам, мен билген нерсени айтып берип, кайталап жатышты. Мен баардык сабактарды сүйүп, берилүү менен окуганмын. Математика, англис тил жана тарых сабагынан тест тапшыргам. Тарыхтан 102 балл алым, Кыргызстандын тарыхынан даярдык көргөн элем, анан Дүйнөнүн тарыхынан көп суроолорго түш болуп калдым, математикадан 128  жана англис тилинен 140 балл алдым.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТЭкинчи класста класс жетекчибиз бизди аэропортко экскурсияга алып барган. Ошондо эле учкуч болуу мага аябай жаккан. Азыр Европадагы  жогорку окуу жайларга тапшырайын деген ой-тилегим бар. Чехияга барып, авиациялык окуу жайга өтүүгө аракет кылам.  Төрт бир туугандын эң улуусумун. Атам Бакиров Алмазбек жеке ишкер. Апам Көчкөнбаева Гулиза  ОШМУда дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз билим берүү борборунда клиникалык жетекчи болуп иштейт, кесиби боюнча дарыгер гинеколог.  Чоң атам Абдимиталип Бакиров Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим болсо, таятам Асаналы Көчкөнбаев Кыргызстанга эмгек сиңирген дарыгер. Мен дагы алардай болуп, элиме кызмат кылгым келет. Жакшы окуш үчүн эң алгач китеп окуп, спорт менен машыгып, музыка угуу керек. Учкуч болуу үчүн дене боюң чың болушу зарыл. Ошондуктан мурда буга чейин каратэ-до ийримине катышкам, 2018-жылы Өзбекстанга барып, эл аралык турнирде биринчи орун алгам, үчүнчү класста музыкалык мектепте дагы окуп, скрипкада ойногом. Былтыр музыкалык мектепти да ийгиликтүү бүткөм. Бош убактымда көркөм китеп окуйм. Кыргызча, орусча жана англисче китептерди окуй берем. Кичинекейимде энциклопедия көп окуйт элем. Мектепте окуу жылынын аягында “бул китептерди окугула” деп тизме бергенде ошол китептерди алып окуп чыккан элем. Убагында укмуш кесиптерге кызыкканмын.  Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шариповдой космонавт болсом дечү элем. Ошондуктан учкуч болом деп кыялданчумун. Балким кыялдар ишке ашып калаар, -дейт Шерболот.

“Алтын сертификат” алууга эки упайы жетпей калган  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылындагы  Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Сезим Абдрахманова да Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тест тапшырууда эң көп упай алган  мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Президент Садыр Жапаровдун «Алтын сертификаттарды»  тапшыруу салтанатына расмий чакырылган эле.

“АЛТЫН СЕРТИФИКАТ”-КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ-Мен Ысык-Көл облусу боюнча Жалпы Республикалык Тест тапшырууда 223 балл топтоп,  мыкты көрсөткүчкө ээ болдум. Тилекке каршы “Алтын сертификатка” эки упай жетпей калды. Бул мени өкүндүрсө дагы топтогон упайыма ыраазымын. Тестке мен 11- класста өз алдымча көп жолу даярдандым, мектептеги эжей-агайларым шарт түзүп, колдоо көрсөтүп беришти. “Secom” жана “Салымбеков” билим берүү  мекемелер ушундай упайды алышыма чоң жардам көрсөтүштү, андан сырткары ата-энем дагы мени колдоп турду.Үй-бүлөдө үч бир тууганмын, эң кичүүсүмүн. Атам айыл өкмөтүндө иштечү, азыркы убакытта эч жерде иштебей жеке чарбачылык кылат, апам үй кожойкеси. Улуу агам  Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктады, ортончу байкем  Кыргыз медициналык академияда окуйт, азыр бешинчи курска өттү. Мен  Кыргыз-Түрк  «Манас»  же Ала-Тоо университинин бирөөсүнө  математика жана информатика бөлүмүнө тапшырайын деп жатам, -деди Сезим Абдрахманова.

Жалпы республикалык тест тапшырууда орточо упайы былтыркыга салыштырмалуу жогору болуп, 128,6 баллды түздү. Коомчулукка белгилүү болгондой, ЖРТ жогорку окуу жайларга кабыл алууда коррупциянын алдын алуу үчүн өткөрүлүп келет.

Жылдызы жанып, өлкө жетекчисинин колунан «Алтын сертификат» алгандарга жана быйыл мектепти  ийгиликтүү аяктаган бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайбыз.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер