“АЛТЫН КАЗЫК”: ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ЖАНА АДАМДЫК КАПИТАЛ
- 05.11.2024
- 0
«Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» аталышында өткөн Улуттук өнүгүү форумунда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү — бул жөн гана билим алуу эмес, бул келечекке болгон инвестиция, бул ар бир жарандын жашоо сапатын жогорулатуунун жана жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнүн ачкычы экенине токтолду. Анын айтымында, адамдык капиталды — адамдардын билиминин, көндүмдөрүнүн, тажрыйбасынын жана жөндөмдөрүнүн жыйындысы катары, туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары, табигый жана социалдык капитал катары кароо болуп саналат.
— «Алтын казыкты» даярдоодогу чакырыктар: Өлкөдөгү демографиялык өсүш; Билим берүү кызматтарына жаңы талаптар; Эмгек рыногунун жаңы талаптары; Сапаттуу адамдык капитал, мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, «Кыргыз жараны» бирдиктүү адеп иденттүүлүгүн калыптандыруу, инсандын өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү; Климаттын өзгөрүшү, экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу маселелери STEM-предметтери аркылуу чечилиши керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич айткандай, «21-кылымдын ортосунда жаштар атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек»! – деди министр.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер