АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАН БИЛИМДИН БЕШИГИ, ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ”

  • 11.02.2021
  • 0

Сентябрда Бишкекте эки жүз мамлекеттен эки жүз ректор катышкан эл аралык саммит өтөт. Ал үчүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган бир катар жогорку окуу жайлардын ректорлорунан турган уюштуруу тобу түзүлдү.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАН БИЛИМДИН БЕШИГИ, ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ”

Бул саммит Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытуу жана мамлекетти интеллектуалдык хапка айлантуу максатында  өтө тургандыгын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 11-февралда Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда өткөн жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйынында билдирди.

  • Буюрса, пандемиядан кийинки билим берүүнүн артыкчылыктарын жана көйгөйлөрүн дүйнөлүк деңгээлде Ала-Тоо жергесинде талкуулайбыз. Мындан кийин Кыргызстан билимдин бешиги, илимдин борбору болот. Биз чындап сапатка көңүл бөлүп, англис тилине басым жасап, инновациялык мамиле кылсак, Кыргызстан эл аралык интеллектуалдык борборго айлана алат. Бизде баары бар. Болгону жакшылап бирдиктүү иш алып барышыбыз керек. Саммитти өткөрүү менен өзүбүзгө өнөктөштөрдү тарта алабыз. Аларга биз болгону дүйнөдө момундай Кыргызстан деген мамлекет бар, анын эли билимдүү, илимдүү. Бизден момундай деген мыкты адамдар чыккан, биздин колубуздан мына мындай нерселер келет деп болгон потенциалыбызды  көрсөтүп алышыбыз керек, — дейт министр.

Саммитке конок катары дүйнөлүк лидерлер чакырылат жана ага Президент Садыр Жапаров өзү катышат.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАН БИЛИМДИН БЕШИГИ, ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ”

КЫРГЫЗСТАНДЫК ИЛИМПОЗДОРДУН ФОРУМУ ӨТӨТ

Билим берүү жана илим министрлиги Илим департаменти менен биргеликте жайында чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык илимпоздор менен форум өткөрүүнү да пландоодо.

Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, учурда чет мамлекетте жүргөн 1500гө жакын кыргызстандык  илимпоз бар.  Алардын потенциалын Кыргызстанда колдонуу менен илимий деңгээлди көтөрүп алууга болот. Мисалы, чет мамлекеттерде илимпоздорго илимий иштерди жүргүзүү үчүн көп акча каражаты бөлүнөт. Ошол окумуштуулар менен келишим түзүп алып, биргеликте лабораториялык иштерди жүргүзүүгө, илимий ачылыштарды жасоого,  долбоорлого катышууга,  Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАН БИЛИМДИН БЕШИГИ, ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ”

БИЛИМ ЭКСПОРТУ

Министр билимди экспорттоо боюнча да бир катар маселелерге токтолуп, жакында Пакистанга иш сапары менен бараарын, ал жактан кара тизмеге кирип калган медициналык окуу жайлардын маселеси талкууланарын айтты. Ал медициналык адистиктерди даярдаган жогорку окуу жайлардын жетекчилерине тез арада сапат маселесин чечүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана чет элден келген студенттерге карата мамилени жакшыртуу тапшырмасын берип, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. — Бизде 19 ЖОЖ медициналык багытта билим берет. Бирок билим сапатты оор бойдон калууда. Окутуучулардын деңгээли, англис тилин билген окутуучулардын тартыштыгы, лабораториялардын жетишсиздиги, ооруканалар менен болгон байланыштын начардыгы, илимий китепканалардагы  кемчиликтер, келген студенттерге карата жасалган катаал мамиле, коррупциялык көрүнүштөр артка тартууда. Сапатты өзгөртмөйүнчө билимди экспорттой албайбыз. Медициналык окуу жайлардын кара тизмеге кирип калганы башка жождорго да залакасын тийгизүүдө. Себеби бизге башка адистиктер боюнча да келишет. Азыр 40 миңге жакын чет элдик студент бар.

Өткөндө Индиянын элчисин кабыл алдым. Алар биз тарапка нааразы экенин билдиришти. Пандемия учурунда чет мамлекеттен келген студенттерди эвакуациялоодо көп кемчиликтер кетирилиптир. Ошондуктан алып келген студенттерге болгон мамилени дагы жакшыртышыбыз керек, — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев Пакистан Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кырдаалды жөнгө салуу үчүн болгону бир жарым жыл убакыт берерин айтып, ошол берилген мөөнөттө ар бир окуу жай баардык кемчиликтерди жоюп, өзүн көрсөтүп калышы керектигин белгиледи. Андан сырткары мындан ары жогорку окуу жайларга чет элдик жарандар бирдиктүү санариптик платформа менен кабыл алынарын да айтып өттү.

АЛМАЗБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВ: “КЫРГЫЗСТАН БИЛИМДИН БЕШИГИ, ИЛИМДИН БОРБОРУ БОЛОТ”

ИЛИМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН БИРДИКТҮҮ САЯСАТ КЕРЕК

Министр ушул жуманын соңунда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына барып, Билим берүү министри менен илим жаатында бир катар макулдашууларга кол кое турганын билдирди.

  • Биздин Илим департаментине жыл сайын илимий долбоорлор үчүн 160 млн. сом бөлүнөт. Бул акча албетте, аз. Бирок аны аз деп карап отура бербей, көбөйтүп алууну колго алышыбыз керек. Мисалы, дүйнөлүк практикада чет мамлекеттер менен илим фондун түзүп, бирге иштешип, каржылоо маселесин чечип алгандар бар. Биз дагы ошол жолго түшүшүбүз керек. Ал үчүн  бир катар Украинанын, Венгриянын, Кытайдын, Пакистандын, Индиянын элчилери  менен да  сүйлөшүлдү. Араб Эмирлигине да ушундай  максат менен бара жатам. Илимге бөлүнгөн эки миллионду беш эсеге көбөйтүп алсак болот. Бул эл аралык илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө да жол ачат.  Мисалы, бир миллион сомдук долбоорго биз эки жүз миң сом салсак, калганын чет мамлекеттер каржылап беришет, — дейт министр.

Алмазбек Бейшеналиев мындан ары Жогорку аттестациялык комиссиясы министрлик менен бирдиктүү иш алып барарын, акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалгандыгын айтып, төмөндөгүлөргө токтолду:

  • Индекс боюнча КМШ өлкөлөрүндө Орусия жана Украинадан кийин эле Кыргызстан турат. Демек, биз туура саясат жүргүзсөк, алдыга жылыш сөзсүз болот. Андыктан алдыда турган чоң жоопкерчиликти сезип, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзүүгө чакырам.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер