АЛМАСБЕК КАСЕНОВ: ПАРИЖДЕ БАЛБАНДАРДАН МУРДАКЫДАЙ ДУХ, КУБАТ БАЙКАЛБАДЫ
- 06.08.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият боюнча усулдук борборунун директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эгемен өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улуттук команданын алгачкы устаты Алмасбек Касенов менен Париж олимпиадасындагы балбандардын аракети, дарамети тууралуу учкай маектештик.
— Алмасбек мырза, балбандар Олимпиадага аттанаар алдында сиз менен жолуканымда, алардын даярдыгы жакшы экенин айтып, быйыл 3 алтын байге алышы мүмкүн дедиңиз эле. Учурдагы балбандардын аракетине кандай баа бересиз? Президентибиз болсо “эң аз дегенде беш алтын менен келгиле” деген тилегин билдирген эле. Сиз спортто көп жылдан бери мээнет кылып, балбандардын мүмкүнчүлүктөрүн билесиз, грек-рим күрөшү боюнча команданы бир нече олимпиадаларга даярдагансыз.
— Президентибиз жакшы ой-тилек менен олимпиадачыларды узатып жатканда “беш алтын медаль менен келгиле” деп кыргыз элинин, спорт күйөрмандарынын күткөнү үчүн айткан эле. Профессионалдык көз караш, талдоо менен караганда, биздин спортчулардан бирден алтыга чейин алтын байге болуп калышы мүмкүн эле. Бирок жалпы беш алтын медаль алуу кыйынга турмак. Ошондуктан жалпы жонунан божомолдоп алтын, күмүш, коло байгелерди кошкондо 5-6 медаль утуп келүүгө мүмкүнчүлүктөр болушу ыктымал. Эмне үчүн “бир же үч алтын байге” деп мурда сизге жолукканда айткан элем. Анткени, менин жеке божомолумда бизден Айсулуу Тыныбекованын, Жоламан Шаршенбековдун жана Акжол Махмудовдун үчөөнүн чеберчилиги жогору, шарты, дардыгы бар эле. Алар бардык жагынан чемпион болууда дарамети жетмек. Бирок Олимпиада өзгөчө мелдештердин бири экенин кечээ жана бүгүнкү беттешүүлөр айкындап койбодубу?!. Тажрыйба боюнча, олимпиаданын сүрү, мелдештердин деңгээли көрсөткөндөй мурда-кийин көрүп жүргөн боюнча беш-алты жолу дүйнө чемпиону болгон чыгаан балбандар Олимпиада оюндарында жеңишке жете албай, кээ бирөөлөр ал жерде байгелүү орундарга илинбей калган фактылар арбын болгон. Кыргыз элинин батасы тийип, тилектери орундалып, үмүттөрү акталып, Жоламан менен Акжол алтын алса деген элек. Тилекке каршы, мелдештерде мурдакы Акжол менен Жоламандын чеберчилигин, кайратын көрө албадык. Балким салмак түшүрүүдө кыйналып калышканбы же быйылкы мелдештер, соңку машыгуулар мокотуп койгонбу? Олимпиадага саналуу күндөр калганда балбандарды эс алдырып, маанайларын көтөрүп, рухун, духун ойготуу зарыл эле. Парижге алар мага чарчаңкы, бошоп келгендей туюлду.
Жолборстой, кабыландай кайраты, дымагы бар бул балбандар кыргыз эли үчүн чоң жетишкендиктерди жаратмак. Бул ирет табында эмес экенин, аларды атаандаштары терең изилдеп, кандай күрөш ыкмаларын колдонооруна чейин талдап, “окуп” ага каршы даярдыктар менен келишкени байкалып турду. Эми мындан трагедия жаратып, башты жерге салбай, бул олимпиададан сабак алып, жеңилүүнүн артында жеңиштер дагы болооруна ишеним арталы. Акжол менен Жоламандын келечеги алдыда. Эми алардан сырткары дагы 2-3 медалга талапкерлер бар деп турабыз. Мында Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Мындан тышкары Айсулуу менен Айпери дагы үмүт жандырып турушат. Эркин күрөштө Эрназар Акматалиевдин дагы жылдызы жанып, баш байгеге талапкер болушу ыктымал. Быйыл Парижде жалпысынан беш медаль алсак болот го деп турам. Беш медаль алууга мүмкүнчүлүк жарата турган спортчуларыбыз бар болгону үчүн элибиз байгеге үмүттөндүрүп жатат. Буйурса быйыл Парижде Кыргызстандын желеги бийик көтөрүп, Гимн ойнолушу керек. Буга чейин Токиодо өткөн Олимпиадада үч медаль болду. 2000-жылы Сиднейде эгемен өлкөбүздүн медаль эсебин казакстандык дзюдочу Айдың Смагулов ачып, акжолтой болгон эле. 2008-жылы Бээжин олимпиадасында Канат Бегалиев күмүш, Руслан Түмөнбаев менен Базар Базаргуриевдин коло байге утуп келиши, жаштардын духун ойготуп, күрөшкө болгон кызыгуу күч алган. Ошол убакытта үч медаль эмес “бирөө эле буйрусун” деп үмүт кылганбыз. Андан бери балбандардын деңгээли жогорулап, машыгуу шарты жакшырып, эл аралык аренада таанылды. Ошондуктан азыркы Париж Олимпиадасына барган балбан жигиттер менен кыздарыбыз чоң ийгиликтерди жарата турган учур келди. Дагы да алдыда үмүт жандырган таймашуулар турат.
— Мээрим финалга чыгып, алтын медаль үчүн күрөшкөнү турат. Анын мүмкүнчүлүктөрү кандай? Эгемен өлкөбүзгө алгачкы алтын байгени тартуулай алабы?
— Мээрим канча жылдын аралыгында эл аралык аренада, дүйнөлүк, Азиялык мелдештерде өзүн көрсөтүп, ийгиликтерди жаратып жатат. Дүйнөлүк аренада алдыңкы спортчулардын бири болуп эсептелет, ал Олимпиадада бардык жагынан даяр экенин кечээки күч сынашууларда көрсөттү. Мээрим кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта 1\8 финалда алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Монгол балбан кызы 2020-жылы Нью-Делиде (Индия) Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон. 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпионатынын финалында Мээрим Жуманазаровага утулуп, күмүш медаль тагынып, ыза болуп калган жайы бар эле. Ал Парижде дагы Мээримден жеңилүү ызасын тартып калды.
Мээрим чейрек финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия чемпиону, Дүйнө жана Азия чемпионаттарынын байге ээси, жапониялык Ноноки Одзаки менен беттешип, атаандашын акыркы секундаларды 8:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыкканы эле эрдик болду.
Жарым финалдык таймашуута Мээрим Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, нигериялык 34 жаштагы Блессинг Оборудудуну да утуп алышы сенсация жаратты. Себеби ал Токио олимпиадасында чейрек финалда ушул нигериялык атаандашына утулуп калган эле. Жаштык менен тажрыйбанын чыныгы атаандашуусуна күбө болдук. Финалда Мээрим эгемен өлкөбүзгө алгачкы алтын медалды утуп беришин тилейли. Мээрим алтын медаль үчүн 72 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык балбан Элор Эмит менен күрөшөт.
-Айпери менен Айсулуунун даярдыгы, дарамети кандай? Быйыл топ жарып, алтын медалга талапкер боло алышабы?
-Айпери менен Айсулуунун дагы алтын медаль утуп алышына мүмкүнчүлүктөр бар. Экөө тең балтыр эти толуп, баралына келип, тажрыйба топтоп, табында турган учуру. Балбан кыздарыбыз канча мелдештерде жеңип, элибиздин намысын коргоп жүрөт. Айсулуу үчүн Лондон, Рио-де-Жанейро олимпиадалары сабак болсо, Токио олимпиадасы чоң сыноо болду. Жеңишке Токиодо бир кадам жетпей калганы үчүн, Парижде алтын байгени самап турат. Анын алтын медаль алууга толук кандуу шарты бар. Айпери дагы Токио олимпиадасында байгелүү орундарга жетпей, арманда калган. Бул ирет бышып жетилгендиктен өзүнүн ой-тилектерин орундатууга аракет кылат деп ишенип турам.
-Жыл өткөн сайын эркин күрөш боюнча дагы балбандарыбыздын деңгээли жогорулап, эл аралык аренада таанылууда. Быйыл Парижден олжолуу кайтышабы?
-Эркин күрөштөн жигиттерибиздин чеберчилиги да мыкты. Эрназар менен Бекзаттын экөөнү тең “Олимпиадага жолдомо алат” деп айтып, ишенип жүрчүмүн.
Эки салмакта биздин жигиттер медаль утуп алган, ошондуктан бул эки жигитибизге ишенип, үмүт кылсак болот. Грек-Рим күрөшүнөн дагы Амантур Исмаилов дагы күтүлбөгөн ийгилик жаратып калышы ыктымал. Себеби, олимпиада оюндарында күтүлбөгөн окуялар, жарк этип жанып, бак айткан жаш спортчулар да болуп калган учурлар арбын.
Балким Акжол менен Үзүр экөө тең коло медаль үчүн дагы күрөшүп, ийгилик жаратышы да мүмкүн. Бул жерден жигиттерибиз жашы жана тажрыбайсы жагынан бышып турган убагы эле. Балким багы ачылып, коло медаль менен кайтып калышы да ажеп эмес. Жоламан дагы куру кол келбей коло байге утуп алышы ыктымал.
— Олимпиадалык оюндарда психологиялык жактан бир эле ката кетирсе, медалга илинбей калышы мүмкүн эмеспи. Психологиялык кандай даярдык менен барыш керек эле? Анан спорттук медицина да чоң салым кошууда.
— Олимпиада төрт жылда бир жолу өткөрүлгөндөн кийин басым чоң, атаандаштык күчтүү болот. Ушул жерде балдардын тажрыйбасы да, руху да керек. Бирок, бир эле ката кетирсе, утулуп калышаарын мелдеш көрсөттү. Айрымдар төрт жылда бир “утам” деп аракеттенип, толкунданып жатып, бир ката кетирип коет. Олимпиадада бир алган упай адамдын тагдырын заматта чечип коерун көрдүк. Акжол Токио шаарында өткөн Олимпиада оюндарында финалда бир упай менен жеңилип калган. Дүйнө чемпионатында утканда дагы партерде иштеп, дүйнө чемпиону болуп келген. Жада калса калыстар тобу ката кетириши, жасап жаткан ыкманы токтотушу, же жасалган ыкманы “туура эмес” деши мүмкүн. Грек-рим күрөшүнөн партерге кимди ким кандай коет? Биринчи ал балбанды коюп койсо, экөө тең эч нерсе кылбаса жеңиш экинчиге эсептелип калышы ыктымал. Ошондой кырдаалга бүгүн күбө болуп, Акжолго атаандашы казакстандык балбан ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей, коргонуп туруп алды. Акуладай айбаттуу Акжолду бүгүн көрө албадык. Ал эми Витаминизация, спорттук медицина жактан Бактыгүл Назаровна тажрыйбалуу дарыгер, кудайга шүгүр, ушунча Олимпиада оюндарында биздин жигиттердин бирөөсү дагы кызытма менен кармалган эмес. Бактыгүл спортчуларды витаминизация кылат, баарына туура багыт берет, ал жактан баары жакшы болчу. Спорттук медицинага көңүл бурулуп жаткан менен спорттук психологдорубуздун жоктугу да ушундай ири мелдештерде көйгөй жаратууда. Алдыдагы мелдештерде кимдин жылдызы жанып, бак айтаарын көрө жатаарбыз. Балбандарга дем-күч берип, шыктандырып, колдоого алалы.
Анан дагы бир айта кетчү жагдай. Илгертен эле кыргыз эли күлүк атын, сулуу кызын, чыгаан балбанын, көзгө атаар мергенин көздөн оолак кармап, элдин назарынан алыс кармап келген. Ошондуктан балбандарыбызды ашыкча рекламалап, обужок жарнамаалап, ар кандай иш-чараларга көп катыштырып, өтө эле жылдыз кылып жиберүүнүн дагы терс таасири тийип жатабы деген ой кетет. Мындай нерселер адамдын энергиясын, күч-кубатын алып, кайратын мокотуп, касиетине доо кетирип коюшу да мүмкүн.
-Рахмат, маанилүү маек куруп бергениңизге. Балбандарды сүрөөгө алып, колдойлу!
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер