«Алайым – алтын бешигим»

  • 14.03.2025
  • 0

Алай районунда окуучулар арасында Чыныбек Козукеев тарабынан уюштурган «Алайым – алтын бешигим» аттуу сүрөт сынагы болуп өттү.

Окуучулар өз өнөрүн толук көрсөтүп, чыгармачылык менен мыкты эмгектерди жаратышты. Жеңүүчүлөрдү тандоодо Алай райондук С.Дооронов атындагы балдар искусство мектебинин директору Аматов Руслан, ОББ Раимбек уулу Аскар, Профком Токчулуков Нургазы жана Макаев Таалайбек агайлар калыстык кылышты.

"Алайым – алтын бешигим"

Алдыңкы орундарды алган Муратов Бектур, Бакирова Айтурган, Сооронбекова Раяна грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Бардык катышуучуларга – 14 түстүү акварель боёктору белекке берилди.

Уюштуруучу демөөрчүлүк кылган Колдошов Алтынбекке ыраазычылык билдирип, өнөрдү баалаган жаштар көбөйө берүүсүн тиледи.

"Алайым – алтын бешигим"

Бөлүшүү

Комментарийлер