АЛАЙДАГЫ КҮНӨСКАНА, ОКУУЧУЛАРГА ТАЗА АЗЫК
- 26.03.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын №3 Токтогул атындагы орто мектебине барды.
Министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин жана биология сабагын дал ушул жерде өткөрүү алар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоорун айтты.
Мектептин директору Кыялбек Шадыбековдун айтымында, күнөскана 2023-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана ар кандай гүлдөр өстүрүлүп, окуучуларга айыл чарба иштерин үйрөнүүгө шарт түзөт.
Комментарийлер