Алайда жаңы мектептин ачылышы болду

  • 15.10.2024
  • 0

14-октябрда Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылындагы 150 орундуу Т.Эсенов атындагы мектептин ачылыш аземи болду.

Алайда жаңы мектептин ачылышы болду

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имараттын көрүнүшү Г формасында болуп, 3 блоктон турган. Андан тышкары китепкана, жыйындар зал, медициналык бөлмө, ашкана, өтмө галерея жана спорттук зал каралган.
Мектептин жалпы аянты 956 чарчы метрди түзөт. Ал эми курулушу 87 млн сомду түзгөн.

Алайда жаңы мектептин ачылышы болду

Бөлүшүү

Комментарийлер