АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА 5 БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
- 04.09.2024
- 0
Жаңы окуу жылынан баштап Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү беш бала бакча иштеп баштады.
Ал бала бакчанын үчөө Аламүдүн районуна караштуу Сыдыков айыл өкмөтүндөгү Васильевка, Виноградное айылдарына, калган экөө Арашан айыл өкмөтүндөгү Арашан, Таш-Дөбө айылдарына тиешелүү.
Бала бакчалар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылды. “Келечек үчүн билим берүү” жана “Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлүүдө. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.
Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар үч саат болот, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Балдар болгону анда уктабайт жана аларга тамак берүү каралган эмес. Адистердин айтымында, мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана үч сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.
Кошумчалай кетсек, Аламүдүн району боюнча жалпысынан алганда кыска мөөнөттүү 11 бала бакча түзүлөт, калгандары жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер