«Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенттери алдыда
- 11.10.2024
- 0
5-6-октябрда Ташкент шаарында өткөн CS2 боюнча турнирге «Ала-Тоо” Эл аралык университетинин “AK BARS” командасы катышып, экинчи орун менен $2500 өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Турнирдин максаты – Борбор Азия региондорунда киберспортту өркүндөтүү.
Беш адамдан турган “AK BARS” командасынын мүчөсү, IT & Business колледжинин графикалык дизайн бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Баяс Мааткалымовдун айтымында, команда олуттуу даярдыксыз эле турнирге катышууну чечкен.
- Биз бул турнирге атайын даярданган жокпуз, жөн гана чогулуп, катышууну чечтик. Биринчи беттештен кийин төмөнкү торго түшкөндө, командада түшүнбөстүктөр пайда болду. Бирок, биз кырдаалды тез талкуулап, кийинки оюндарга толугу менен көңүл бурдук. Критикалык учурларда мен дайыма өзүмдү жеңил сезүү үчүн тактикалык тыныгуу кылам. Ата-энем жана досторум бул таймаш учурунда эч нерсеге карабастан мени колдоп жатышты. Алардын колдоосу үчүн чоң рахмат айткым келет.
Окуу менен спортту айкалыштыруу кыйын, анткени сабактар кеч бүтүп, кээде машыгууну башка убакытка жылдырганга туура келет. Ушул кыйынчылыктарга карабастан, мен бардык нерсени өз убагында аткарууга аракет кылам. Киберспорт азыр жаштар арасында популярдуулукка ээ болууда. Мен турнирдин уюштуруучуларына башыбыздан өткөргөн эмоциялар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кийинки оюндарда биринчи орунду ээлеп, мыктылардын мыктысы болобуз деп үмүттөнөбүз, — дейт.
Комментарийлер