АЛА КАЧУУ – АРСЫЗДАРДЫН ИШИ

  • 26.06.2024
  • 0

Бүгүн, 26-июнда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Каада-салттар: тарыхый жагдайлары жана заманбап укуктук мааниси» аттуу кереге кеңеш өттү.

АЛА КАЧУУ – АРСЫЗДАРДЫН ИШИ

Анда кыргыз коомчулугунда орун алган аялзатына карата көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулукка, тактап айтканда, ала качуу темасы козголду.  Катышуучулар коомдо калыптанып калган каада-салттардын жана үрп-адаттардын чыныгы формаларынан алмаштырылып, одоно бурмаланганын, сектанттык, тилди бузуу, агрессивдүү улутчул идеяларды активдүү коомдун духуна туура келбеген, бурмаланган идеяларды активдүү жеткирүү аркылуу этно-маданий мейкиндикти башка этностук курамдар менен толтуруудан келип чыккан коомдун рухий турмушундагы бурмолоодон тынчсыздана тургандарын билдиришти. Ошондой эле “ала качуу” кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты эмес деген оюн айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар салттар элдин көп кылымдык маданиятынын негизи, анын өнүгүшүнүн фактору деген бүтүмгө келип, Кыргызстандын жарандарынын инсандык, улуттук жана мамлекеттик иденттүүлүгүн аныктайт, элдин өзүн-өзү аңдоосун өзгөртүүгө, андагы улуттук эгемендүүлүк принцибин бүдөмүктөөгө жол бербейт, коомдук турмуштагы терс тенденцияларды жоюунун, улуттар аралык чыр-чатактарды жөнгө салуунун, өсүп келе жаткан муундардын мекенчилдик сезимин өнүктүрүүнүн, улуттук жана мамлекеттик идентүүлүктү калыптандыруунун эң күчтүү жана натыйжалуу каражаттарынын бири боллуп саналат деген резолюция кабыл алынды.

А.Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер