Элеттик окумуштуу Салийма Рысбаеванын 70жылдык мааракесине арналды

  • 10.06.2024
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин алдындагы Ала-Бука кесиптик колледжинин 25 жылдыгына жана Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген мугалим, ф.и.к., доцент Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата Ала-Бука районунда эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Элеттик окумуштуу Салийма Рысбаеванын 70жылдык мааракесине арналды

Конференция Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында чет элдик окумуштуулардын, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуу-илимпоздорунун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочуларынын катышуусунда өттү.

Анын алкагында чет өлкөдө жүргөн кыргыз элчилери Өмүрбек Текебаев менен Аскар Бешимов видео тасма аркылуу Салийма Рысбаеванын 70 жылдык юбилейине карата куттуктоосу көрсөтүлдү.

Элеттик окумуштуу Салийма Рысбаеванын 70жылдык мааракесине арналды

Пленардык жыйындын алкагында ЖОЖдордун окумуштуу-илимпоздору, Өзбекстан, Казакстандан келген делегация өкүлдөрү баяндамаларын жасашты.Илимий-практикалык конференцияга келип түшкөн 100дөн ашык баяндамалар Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илим бөлүмү тарабынан каралып, бөлүнгөн сексияларда өз ишин улантты. Мыкты докладдар секция башчылары тарабынан белгиленип, соңунда резолюция кабыл алынды.

Элеттик окумуштуу Салийма Рысбаеванын 70жылдык мааракесине арналды

Элет жергесинде өткөрүлгөн эл арлык илимий конференция жергиликтүү жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, билимдүү жаштардын көбөйүшүн максат кылат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер