“АКЫРКЫ КОҢГУРОО” УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

  • 25.05.2023
  • 0

Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназисында 25-майдагы “Акыркы коңгуроо” салтанаты уюшкандыкта өттү.

“АКЫРКЫ КОҢГУРОО” УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Иш-чарага Билим берүү жана министрлигинин өкүлү Б.Рыспаев, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Динара Токтоева, Аламүдүн районунун социалдык коргоо башчысы А.Султанов, Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин төрагасы К.Умурбаев, айылдык кеңештин депутаты Ш.Низамудинов, айыл өкмөт башчысынын орун басары Т.Мусурупов ж.б. катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырып, Кыргыз Туусун олимпиаданын жеңүүчүлөрү көтөрүштү.

“АКЫРКЫ КОҢГУРОО” УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору КР билим берүүсүнүн отличниги Асылкан Омурова мугалимдер жамаатын, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү эң маанилүү жана кубанычтуу күнү менен куттуктап, окуучуларды мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине киргизүү тартиби жөнүндөгү министрликтин буйругу менен тааныштырды.

Мектептин директору Асылкан Шерматовнанын маалыматы боюнча быйыл мектепти 42 бүтүрүүчү аяктоо алдында турат. Мектептин директору өз сөзүндө окуу жылы алгылыктуу ийгиликтер менен коштолуп, окуучулардын ийгиликтери арбын болгондугун сыймыктануу менен белгилеп өттү. Айрыкча, райондук олимпиадада алдыңкы орундарды багындырышканы мектеп эле эмес, ата-энелер район үчүн да чоң сыймык экени талашсыз. Алсак, 10-класстын окуучусу Алина Эсенбаева кыргыз тилинен экинчи орунду ээлесе, 11-класстын окуучусу Алина Орозова ушул эле предметтен үчүнчү орунга жетишти. 8-класстын окуучусу Жамийла Аскерова география сабагынан үчүнчү, 10-класстын окуучусу Дарья Минеева орус тилинен үчүнчү орунга ээ болду.

“АКЫРКЫ КОҢГУРОО” УЮШКАНДЫКТА ӨТТҮ

Акыркы коңгуроо салтанатына келген ардактуу өкүлдөр бүтүрүүчүлөргө ак жол, алдыдагы экзамендерине албан-албан ийгиликтерди каалап, райондук олимпиаданын жеңүүчү окуучуларына жана окуткан мугалимдерге Ардак грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырды.

Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин төрөгасы Канат Умурбаев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан мугалимдерге 20 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырганы, мектептин өнөктөштөр менен байланышынын бекемдигин дагы бир жолу тастыктап, мугалимдер үчүн көрүлгөн камкордуктун дагы бир үлгүсү болду. Лебединовка айыл өкмөтү да четте турбастан, иш-чарага 20 миң сом акчалай сыйлык жана “Жыл мугалими 2023-жыл” конкурсуна катышкан Эльвина Райимбердиевага баалуу белек  берди.

Салтанаттуу иш-чара окуучулар даярдаган концерт менен коштолду. Айрыкча “Ханыша” элдик бий ансамблинин көркөм жетекчиси Жаркынай Омурова даярдаган бийчилер тобунун “Айгүл” жана “cool girls” бийлери көрүүчүлөрдүн көңүл кушун көкөлөттү. Ошондой эле мектептин “Сахна кеби” ийриминин окуучулары көркөм ырларды окуп берип, мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жылуу сөздөрүн арнашты. Вокал ийриминин жетекчиси Бекзамир Дегенбаевдин бүтүрүүчүлөргө арнап ырдаган “Ак кайык” ыры да көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок.

Салтанатта ошол күндүн каармандары — бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектепке, мугалимдерге чын жүрөктөн чыккан алкыш сөздөрүн арнашып, ыраазычылыктарын билдиришти. Салт болуп калгандай эле кече “бүтүрүү вальсы” менен коштолду.

Иш-чаранын соңунда 11-“г” классынын бүтүрүүчүсү, мектептин отличниги Салиха  Ыскакова менен 1-а класстын окуучусу Илимжан Ясымов “Акыркы конгуроо” кагышты.

 

Анара САРИЕВА,

Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясынын

директорунун тарбия иштери боюнча орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер