АКЫРКЫ КОҢГУРОО КҮНҮ 4000 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕЙТ

  • 22.05.2024
  • 0

Ички иштер министрлиги 25-майда милиция күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү жалпы өлкө боюнча 4000ден ашуун милиция кызматкери коопсуздукка жана коомдук тартипке көзөмөл кылат.

АКЫРКЫ КОҢГУРОО КҮНҮ 4000 МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕЙТ

«Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүп жаткан кезде мектептерде милиция кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматтары иштейт.

Ичик иштер министрлиги  мектепти бүтүрүп жаткан балдардын ата-энелере автоунаа айдоого, ичимдик ичүүгө уруксат бербөөгө чакырууда. Ошондой эле балдардын көлмөлөргө түшүүсүнө да жол берилбесин эскертти.

Билим берүү жана илим министрлиги бул күндү майрамдоого акча чогултууга тыюу салып, жоопкерчилик, коопсуздук чараларын көрүүнү мектеп директорлоруна буйруган. Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жоопко тартылары эскертилген.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер