“АКЫЛМАНДА” ОКУУ ЖЫЛЫ КАНДАЙ БАШТАЛДЫ?
- 14.09.2023
- 0
Республика боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, «Акылман» президенттик лицейи» Чолпон-Ата шаарында түзүлгөн. Аталган лицейдин директору Эмил Рыскулов окуу жайдын шарттары, окуучулары, пландары тууралуу айтып берди.
МЕКТЕПКЕ КАНТИП ТАНДАЛАТ?
220 балага ылайыкталган «Акылман» Президенттик лицейине быйыл республика боюнча 75 окуучу тандалып алынды. Алардын 48и кыздар болсо, 24үн эркек балдар түзөт. Балдардан англис тилин билүү деңгээли боюнча тест алынып, ага ылайык үч 7-класс ачылды.
Лицейге тандоо эки этаптан өттү. Биринчисинде, ар бир мектеп бирден мыкты окуучусун тандап берди. Экинчи этабында, тандалган окуучулардын арасында көз карандысыз Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору тесттин негизинде тандоо жүргүзүп, мыктылар окууга өттү. Окуучуларды тандоого лицей катышкан жок. Эмил Рыскуловдун айтымында, кийинки жылдан баштап бардык каалоочулар үчүн онлайн тест уюштурулуусу пландоодо. Ал тесттен өзүн мыкты көрсөткөн балдар экинчи турга өтөт.
ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН БАРДЫК ШАРТТАР БАР
Жатак лицейде окуу бекер. Эки кабаттан турган жатакананын аянты 6000 чарчы метрди түзөт. Ар бир бөлмөдө экиден бала жашайт. Шкафы, тумбочкасы, керебети, душу, дааратканасы бар. Балдар үчүн беш маал тамак берилет. Лицейдин негизги принциптеринин бири чет балдарга улуттук баалуулуктарды сиңирүү да болгондуктан, коридорлорго шахмат, тогуз коргоол сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарынан бери тизилип турат.
Электрондук китепкана түзүү максатында, дүйнөлүк ЖОЖдор, коңшу мамлекеттердин мектептери менен байланыш түзүүдө. Бул максатты ишке ашырууга жардамчы Президент белек кылган планшеттер болгонун айтат.
- Садыр Нуркожоевич алып келген пландешттер биз үчүн табылгыс байлык болду. Анын ичине миллионго жакын электрондук китептерди жүктөсө болот. Окуучулар каалаган китептерин онлайн окууга мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары, кагаз түрүндөгү да китептер болот, — деди.
Бардык балдардын англис тилин билүү деңгээли бирдей болушу үчүн мугалимдер да, окуучулар да бири-бири менен дайыма англисче баарлашат. Бат өздөштүрүп кетүүсү үчүн ишемди күнү да баарлашуу саатын уюштуруп койгон. Дүйнөлүк стандарка ылайык, окуучу теориялык сабагын иш жүзүндө жасап көрүүсү үчүн химия, физика лабораториясы, информатика кабинети бар имарат курулууда.
БАЛАНЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК АДАПТАЦИЯСЫНА УБАКЫТ КЕРЕК
Директордун айтымында, мурдагы мектебинде жакшы окуган балдар жаңы мектепке келгенде башка шаар, чөйрө, жаңы достор болуп, кыйналышы мүмкүн. Булардын баары адаптацияны талап кылат. Сабак окуусу кадимкидей түшүп кетет. Бул учурда балдардын жан-дүйнөсүнө кирүү аркылуу: балдар менен чогуу көл жээгине барып, тамактанып, баарлашып шыктандырышы керек.
- Балдар менен күнүгө аңгеме-дүкөн куруудабыз. Абдан таланттуу окуучулар бар. “Жайында беш китеп же бардык томдугун окудум. Бул сапар баланча китепти баштайм” деген китепкөй балдар келиптир, — деди Эмил Рыскулов.
Учурда балдар үчүн адаптациялык убакыт орун алууда. Кээ бир балдар ата-энесин, жакындарын сагынып, куса болууда.
- Ата-энесинин жанынан алыс кетпеген балдар үчүн алыска кетүү оңой эмес. Бир окуучубуздун ичи ооруп, ооруканага алып барсак, баары таза чыкты. Көрсө, ата-энеснин эрке баласы экен. Сагыныптыр. Дем алыш күндөрү шаардагы ата-энесине алып бардым. Чынында, балдар эле эмес, ата-энелердин арасынан да “үйдүн кичүүсү эле, эрке балабыз. Биз да жаман болуп жатабыз” деп чалгандар бар. Балдар бири-бирине көнүп, бир туугандай болуп калышты. Башында регион-регион болуп бөлүнүп отурушса, азыр жуурулушуп, бирин-бири жоктоп калышты, дейт Эмил Рыскулов.
БАЛДАР УЮЛДУК ТЕЛЕФОН КОЛДОНУШПАЙТ
Окуучулардын күнү эртең мененки көнүгүү жасоодон башталат. Андан кийинки бир да мүнөтү бош калбагандай уюштурулган. Алсак, ишемби, жекшемби күнү да ар кандай оюндар, кружоктор уюштурулган. Балдардын коопсуздугу үчүн мугалимдер тынымсыз контролдоп турушат. Окуучуларга окуу убактысында сенсардык-акылдуу телефондорду колдонууга тыюу салынат. Бирок ата-энеси, жакындары менен сүйлөшүп туруусу үчүн жөнөкөй телефондорду колдонго уруксат берилет. Акылдуу телефондор ишемби, жекшемди күнү белгиленген убакыт боюнча берилет. Эгерде окуучулар ата-энесин сагынып баарлашууну кааласа, каалаган убактысында мугалимдерине кайрыла алат.
МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ КАНДАЙ БААЛАНАТ?
STEM багыты боюнча окутууга басым жасалган лицейде так илимдер англис тилинде, калган сабактар кыргыз тилинде өткөрүлөт. Лицейге педагогикалык билими бар, англис тилин билген 25 мугалим конкурстук негизде тандалып алынды. Анын төртөө чет элдик мугалимдер болсо, чет өлкөдө окуп келген кыргыз мугалимдери да бар. Андан сырткары, шахмат, тогуз коргоол, сүйлөшүү сыяктуу кошумча кружоктордон сабак берген мугалимдер да бар. Директордун айтымында, мугалимдердин эмгек акысы финансылык муктаждык жаратпагандай, кошумча жумуш издегебегендей түзүлүүсү абзел. Себеби, үстүндөгү үйүн таштап, бала-бакырасы менен ар кайсыл региондордон келген мугалимдер көп. Жобого ылайык, жаш өзгөчөлүгү туура келген мугалимдердин балдары лицейде билим алууга укугу бар. Бирок быйыл жашы туура келген бала болгон жок.
- Төрт мугалим Чолпон-Ата шаарынын тургуну. Калганы башка региондордон келген. Ошол себептен үй-бүлөсүн асыроодо мугалимдерде финансылык муктаждык болбой, толук кандуу мектепке арналышы керек. Азырынча биринчи эмгек акыбызды ала элекпиз, бирок, 25-30миң сомдон көп болот. Мугалимдер үчүн атайын бардык шарттары менен үй салынып, бир бөлмөдөн берилген. Бирок Президентибиз тез арада эки-үч бөлмөлүү кылып салып берүүнү айтты. Албетте, жаңы үйгө көчүп келгенде деле кемчиликтер болот. Баарын акырындап толуктап берүүдөбүз. Биз, мугалимдер балдар үчүн баарына даяр экенбиз. Балдарды көргөндө бардык көйгөйлөрдү унутуп, баш-отубуз менен жумушка кирип кеттик. Балдар менен бир территорияда жүргөндүктөн, дайыма көзөмөлдөп турганга, жакын мамиле түзүүгө да соонун мүмкүнчүлүк экен, — деди лицейдин жетекчиси.
Ошондой эле мугалимдердин сабактарына катышып, методикасын, артыкчылык-кемчилигин, балага мамилеси тууралуу анализдеп турат. Чыныгы таланттуу мугалимдердин билимин өркөндөтүп, андан ары алып кетүү бирден-бир милдети экендигин, Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө кадр жетишсиздиги маселелеси болуп жаткан мезгилде каалоосу күчтүү кызматкерин ар тараптан колдоорун айтат.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”
Комментарийлер