«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНИН ҮЧ ОКУУЧУСУ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ

  • 22.04.2024
  • 0

Буга чейин “Акылман” лицейине ар бир мектептин бирден гана мыкты окуучусу катыша алса, быйыл бардык окуучулар катышууга мүмкүнчүлүк алды. Жалпы 72 бала тандалып алынгандан сырткары дагы он бала талапкер катары резервде турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылына карата балдарды “Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу үчүн конкурстук тандоо жүргүзүүнүн шарттары тууралуу басма сөз жыйында айтылды.

«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНИН ҮЧ ОКУУЧУСУ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ

Окуу жайга тандоо 20-апрелден 30-апрелге чейин үч этап менен жүргүзүлөт. I этап онлайн форматта 4-5-6-майда өтөт, анын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 2000 (эки миң) талапкер үчүн II этап 10-майда онлайн форматта, ал эми андан жогорку балл алган 700 талапкер III этапка катышат. Ал 14-майдан 20-майга чейин офлайн форматта өтөт.

2024-2025-окуу жылына карата республиканын бардык аймактарынан жалпы билим берүү уюмдарына мамлекеттик жана жеке менчик түрүнө карабастан, жетим, томолой жетим, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары катыша алат. Бүгүнкү күнгө карата окуу жайга 1000 бала катталды.

“Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскуловдун айтымында, былтыр ар бир мектептин бирден гана мыкты окуучусу катышууга мүмкүнчүлүгү болсо, быйыл бардык окуучулар катыша алат.  Жалпы республика боюнча 72 бала кабыл алынат. Андан сырткары, дагы он баланы резервге алып калабыз. Себеби жыл ичинде көнө албай, кыйналып, окууну алып кете албаган балдар болуп калса, алардын ордуна кандидат балдар окууга мүмкүнчүлүк алат.

«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНИН ҮЧ ОКУУЧУСУ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ

– Тест математика, логика, тарых, кыргыз тили жана орус тили сабактары боюнча берилет. 1-тур үчүн суроолор жеңилирээк берилди. 1-2-тур онлайн тест болгондуктан, жыйынтыктар автоматтык түрдө чыгарылат. 3-турда англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн да суроолор камтылган. Акыркы турду офлайн форматта жеринен барып кабыл алабыз. Атайын комиссия түзүлүп, 1-2-турдан өткөн окуучулар толук кирдиби, коррупциялык иштер орун алган жокпу, баары каралат, – дейт лицейдин директору.

Лицейде окутуу кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. 240 балага ылайыкталган лицейде учурда 72 окуучу билим алат. Окуу жайдын директору дагы да имараттарды куруп, 360 балага ылайыктаса болорун белгиледи.

«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНИН ҮЧ ОКУУЧУСУ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ

Лицейдин үч окуучусу робототехника, IT тармагы боюнча 2-3-майда Астанада өтүүчү дүйнөлүк олимпиадага катышат. Андан сырткары, шаардык, райондук, облустук олимпиадаларда да алдыңкы орундарга ээ болууда.

– Бир жылдык окуу процессинде балдардын өзгөргөнүн байкадык. Анткени биз кыска мөөнөттүн ичинде англис тилин тереңдетип окуттук. Азыр балдардын англис тилин билүү деңгээли өстү. Окуучуларга ар бир чейрек сайын бир гана жолу үйүнө барууга уруксат берилгендиктен, балдардын адаптация болуусу кыйын болду. Бул учурда да психолог, тарбиячы, мугалимдер эки-үч эсе көп иштегенге туура келди. Бирок 3-4-чейректе  жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүдө, – дейт директор.

Ошондой эле директор ата-энелер да балдарынан чоң нерсе күтөрүн айтат. Себеби мурда жалаң “5” деген баага окуп жүрүп, лицейге келгенде “2”, “3” алып калган учурлар болот. Бирок бул учурдан көйгөй жаратуунун кажети жок. Баланын адаптация болуу убактысын да эске алуу зарыл. Бул үчүн ата-энелерге да айына эки ирет онлайн окууларды уюштуруп турат.

«АКЫЛМАН» ЛИЦЕЙИНИН ҮЧ ОКУУЧУСУ ДҮЙНӨЛҮК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ

Мындан сырткары, окуу жайдын директору ата-энелерге балдардын медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө көңүл бурууга чакырат.

 

– Былтыр балдарын кароодон өткөрбөстөн жиберип койгон ата-энелер көп болгон. 99 пайыз баланын стоматологиялык көйгөйлөрү бар экендиги аныкталган. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып, Чолпон-Ата шаарындагы поликлиникаларга ар бир баланы учётко отургузуп, ыкчам түрдө маселени чечүүгө аракеттенгенбиз, – дейт жетекчи.

“Акылман” лицейинде 31 мугалим эмгектенет. Чет жерде билим алып келген, чет элдик да мугалимдер бар. Алар үчүн үйлөр курулган.

Лицейдин иши эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү жогорку билимдүү, интеллектуалдык бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоого мүмкүндүк берүүчү кыргыз жана дүйнөлүк билим берүү системаларынын мыкты салттарын айкалыштырган, орто билим берүүнүн инновациялык моделин түзүүгө багытталган. Табигый, илимий, математикалык жана техникалык: IT, программалоо багыттары боюнча окуучуларды тереңдетип даярдоону камсыз кылуу үчүн инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү, бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды колдоо жана аларга дем берүү максатында түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы жана 14-июнундагы “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” жарлыктарынын негизинде иш алып барган билим берүү мекемесине таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын 6-класстарынын окуучуларынын арасында калктын аялуу катмарынын жана жетим балдардын арасында сынактык тандоо өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, “Акылман” лицейин каржылоо толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун эсебинен жүргүзүлөт жана түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер