Акылбек Жапаров: Окуу китеп көйгөйү толук чечилет
- 14.11.2024
- 0
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин он айлык отчету Жогорку Кеңеште угулуп жатканда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы окуу китеп жана мугалимдер боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чечкиндүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди:
“Окуу китеп көйгөйү 2026-жылга чейин толугу менен чечилет. 2025-жылга эки миллиардка чейин акча булактарын таап, 8 миллион китеп басылып чыгарылат”.
“Бул проблемага чекит коебуз деп ишенем”.
Акылбек Жапаров дагы бир орчундуу маселе катары мугалимдерди ойготуу жана шыктандыруу, сапатын көтөрүү экенин билдирди.
“Мектеп жалкоо адамдар үчүн иш орду эмес”,-деди.
Кыргызстанда билим берүүнү бүтүндөй трансформациялоонун “Алтын казык” программасы ишке ашырылууда. Бул программада мектептик билим берүүнү 12 жылдык моделге көчүрүү, анын мазмунун заманбап жаңылоо негизги маселе болуп каралган.
“Алтын Казык” — балдарыбызга азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуу, бул жөндөмдүүлүктү сактап калуу үчүн билимдин жана көндүмдүн бекем фундаментин камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу саясатыбызда багыт берүүчү жылдызы болот”,-деди Акылбек Жапаров.
“Азыр болсо тынбай окушубуз керек”. (КС)
Комментарийлер