АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «МЕКТЕП МЕНЕН УНИВЕРСИТЕТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРҮШҮ КЕРЕК»
- 05.11.2024
- 0
4-ноябрда «Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Алтын Казык” программасы Кыргызстанда заманбап жана эффективдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган масштабдуу долбоор деп белгиледи. Бул программанын алкагында мектептин окуу-методикалык базасы: окуу китептери, программалар жана стандарттар толугу менен жаңыртылат.
“Кыргыз элинин дүйнөдөгү орду, көп улуттуу элибиздин, ар бир үй-бүлөнүн тагдыры бүгүнкү күндө биздин мектептин абалы менен аныкталат. 12 жылдык билим берүүнүн маңызын көпчүлүгүбүз туура эмес түшүнүп жатабыз. Биз бүгүнкү күндө эскирген, сапаты өтө төмөн мектеп программасын механикалык түрдө узартып коюу жөнүндө айтып жаткан жокпуз. Дагы бир жолу кайталайм, бүгүнкү күндө мектеп толугу менен өзгөрүшү керек. Мындай милдет университеттердин алдында да турат. Мектеп менен университеттин окуу программаларын реформалоодо келечекке керектүү көндүмдөрдү — санариптик сабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү жана экологиялык маалымдуулукту камтышыбыз керек», – деди А.Жапаров.
Төрага ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын эрте өнүгүүсүнө активдүү инвестиция тартылып жатканын айтып, “азыр бала бакчалар менен камтууну 40% жеткирүү зарыл. Билим берүү министрлиги эл аралык уюмдар менен биргеликте келечекте биздин алты жаштагы бардык балдарды мектепке даярдоо курстары менен 100% камтуу боюнча иштерди аткарып жатат”, – деп кошумчалады.
Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Эдил Байсалов, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Янмин Ян, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, эл аралык уюмдар, элчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Максаты – адамдык капиталды өнүктүрүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн бирдиктүү платформа түзүү. Санариптик доордо билимдин жана көндүмдөрдүн ролуна көңүл буруу менен коомдун алдында турган негизги көйгөйлөрдү аныктоо.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Комментарийлер