АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ: «МЕКТЕП АРТТА КАЛГАНДАР, ЖАЛКООЛОР ҮЧҮН ЖУМУШ БЕРЧҮ ЖЕР ЭМЕС»
- 05.11.2024
- 0
Бүгүнкү күндөгү эң маанилүү милдет – мугалимдерди ойготуу, мотивация берүү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү» улуттук форумунда билдирди.
«Мектеп ар бир балага билим берген жай. Мугалимдерди кайрадан ишке кызыктырып, шыктандырабыз. Ал үчүн күчүбүздү да, каражатты да аябайбыз. Дароо айтып коёюн, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес. Биз андайлардан аёосуз арылабыз. Беш жылда бир эки жумалык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп коюу артта калды. Мындан ары мугалимдер күн сайын эки сааттан кем эмес өз билимдерин тереңдетиш үчүн ар бирине ноутбук берилет”, — деди төрага.
Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Эдил Байсалов, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Янмин Ян, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, эл аралык уюмдар, элчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Максаты – адамдык капиталды өнүктүрүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн бирдиктүү платформа түзүү. Санариптик доордо билимдин жана көндүмдөрдүн ролуна көңүл буруу менен коомдун алдында турган негизги көйгөйлөрдү аныктоо.
Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Комментарийлер