Акылбек Жапаров: Үч жылдын ичинде биз билим берүү мекемелерин куруу боюнча рекорддук деңгээлге жеттик

  • 14.11.2024
  • 0

«Акыркы жылдары капиталдык салымдардын көлөмү кыйла өстү. Эгерде 2020-жылы 24,5 миллиард сом болсо, 2024-жылы дээрлик 4 эсеге өсүп, 92 миллиард сомго жеткен. Анын ичинен 2024-жылы капиталдык курулушка 33,2 млрд сом бөлүндү, бул 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 11 эсеге көп», — деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана  2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында.

«Билим берүү мекемелерине келсек, үч жылдын ичинде курулуштун рекорддук деңгээлине жетиштик. 2022, 2023 жана 2024-жылдары 320 билим берүү объекти курулган: 268 мектеп жана 52 бала бакча. Салыштыруу үчүн, 1986-жылы 43 мектеп, 2023-жылы 143 мектеп жана 16 бала бакча курулган. 2024-жылы 190 мектепте жана 110 бала бакчада курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жүз жылдыкка карата 113 мектеп, бала бакча жана социалдык объектилердин курулушу бүткөрүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер