АКСЫ РАЙОНУНДА БЕШ СПОРТ ЗАЛ, ТӨРТ КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛАТ

  • 11.08.2022
  • 0

Аксы районунда беш спорт зал жана төрт кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине райондук администрациядан билдирди.

АКСЫ РАЙОНУНДА БЕШ СПОРТ ЗАЛ, ТӨРТ КИЧИ ФУТБОЛ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛАТМаалыматка ылайык, тактап айтканда Кызыл-Капчыгай, Мукур, Кашка-Суу, Райкомол айылында жана Кербен шаарында беш спорт залдын курулушу жүрүп жатат, жакынкы күндѳрү пайдаланууга берүү алдында турат.

Ошондой эле Ак-Жол, Жаңы-Жол, Кашка-Суу айылдарында төрт кичи футбол аянтчалары дагы курулууда.

Белгиленгендей, спорттук имараттарды куруу республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен анан жеке демѳѳрчүлѳр тарабынан каржыланууда.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер