АКМАТАЛИЕВДИН ЖАҢЫ ЧЫГАРМАСЫ

  • 07.08.2023
  • 0

Окумуштуу жана акын Абдылдажан-Мелис Акматалиевдин “Манас” ааламы: Манас, манасчылар, Айтматов” аттуу көркөм публицистикалык драмасы жарык көрдү.

Бул чыгарма “Манас” эпосу жана манасчылар Чыңгыз Айтматовдун турмушунда, чыгармачылыгында маанилүү роль ойногондугун баяндайт. Автор жазуучунун “Куштар кайтып келгенче”, “Кылым карытар бир күн”, “Эрте жаздагы турналар”, “Манас-атанын ак кар көк музу”, жарык көрбөгөн “Чоор жана жер” чыгармаларына жана 1952-жылда өткөн “Манас” эпосуна арналган Бүткүл Союздук конференцияга кайрылып, кошмо варианттарды түзүүдөгү Б.Юнусалиев, М.Ауэзов, К.Маликов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков ж.б. ролдорун көрсөтөт. Автор манасчылар Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин, Ч.Айтматовдун жана башкалардын образдарын жараткан. Чыгарма документалдуу материалдардын негизинде жазылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер