АКАДЕМИКТИН АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 21.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда көп жылдан бери салтка айланган “Академик Б. Мурзубраимов атындагы стипендияны” алдыңкы студенттерге тапшыруу иш-чарасы болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

АКАДЕМИКТИН АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

Маалыматка ылайык, КР УИАнын академиги Б. Мурзубраимов атындагы стипендия бир жылда бир жолу окуунун мыктыларына жана ошондой эле, спорттук, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышкан алты студенттин ар бирине 3000 сомдон тапшырылат.

2023-жылдын мыкты студентине стипендия тапшыруу аземине Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Жанболот Турсунбаев катышып, студенттерди ийгиликтери менен куттуктады жана институттун алдыңкы студенттерине Ардак грамоталарды тапшырды.

АКАДЕМИКТИН АТЫНДАГЫ СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРЫЛДЫ

Институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, ата-энелер, райондун ардагер мугалимдери катышкан салтанаттуу иш чараны концерттик программа коштоп, майрамдык маанай тартууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер