«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДА

  • 27.08.2025
  • 0

Агартуу министрлиги  өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн “Учкун” ачык акционердик коомунун (ААК)  басмаканасына пресс-тур уюштурду.

«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДА

Пресс-турдун максаты – өлкөдөгү эң ири басмакананын өндүрүш процесси менен таанышуу жана окуу китептерин басып чыгаруу ишинин жүрүшү боюнча кеңири маалымат алуу.

«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДА

Пресс-турга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басарлары  Надира Джусупбекова, Лира Самыкбаева,  ошондой эле Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова, «Учкун» ААКнын башкы директору Бакыт Султанов, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов жана башка жооптуу кызматкерлер катышты.

«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДАЖалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү басмаканада окуу китептерин басып чыгаруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

-Азыркы учурда  «Учкун» басмаканасында 3, 4, 5, 6,7, 8, 9-класстар үчүн «Англис тили» боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иши аяктап калды. Окуу китептеринин жалпы нускасы 1,9 млн ашат. 3, 4, 5, 6, 7, 8-класстар үчүн “Англис тили” окуу китептери толугу менен басылып чыгып, өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарына таратылып жатат.  Ал эми 9-класстар үчүн окуу китептери азыркы учурда басылып жатат жана жакынкы күндөрү мектептерге жеткирилет. Кийинки этапта 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика жана табият таануу предметтери боюнча окуу китептери басылып чыгат. Ошондой эле, Агартуу министрлиги «Окуу китеби» платформасын ишке киргизди. Бул платформа окуу процессин үзгүлтүксүз камсыз кылууга, басылып чыккан китептерди жеткирүү мөөнөтүнө көз каранды болбоого мүмкүндүк берет жана окуу китептерине бирдиктүү санариптик жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, -деди министр.

«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДА

«Окуу китеби» платформасы «Күндөлүк» жана «Санарип кампа» системалары менен интеграцияланган. Эми окуучулар электрондук китептерди бекер колдоно алышат жана авторизациядан өткөндөн кийин аларды офлайн режимде жүктөп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Окуу китептеринин «Учкун» ААКта басылып жатканы мамлекеттик кепилдик жана сапаты менен гана айырмаланбастан башка жеке менчик басмаканалардын плогиаттык жол менен уурдап басуусуна тоскоол болмокчу.

«УЧКУНДА» 1,9 МЛН НУСКАДА ОКУУ КИТЕП БАСЫЛУУДА

Учурда «Учкунда» жаңы басылган окуу китептери өлкө аймагындагы мектептерге жөнөтүлүп жатат. Окуу китептери мектеп окуучуларына бекер таратылат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер